@@azizasamarbekova9713 Ушул жерден жазууну туура көрдүм. *Азиза* *_18жаш_* ырын азырынча эч-ким жаш үн м/н жаңыртып ырдай элек. Мен ойлойм ошол ырга сен экинчи өмүр бере аласың деп. Жайыраак темп менен, жана аранжировкасын дагы модернизациялап. Кичине драматический мотив кошуп. Себеби жаштык м/н коштошкон бир драма бар ал ырда😞 Ийгилик 🙌
Эң сонун аткарылган кавер👍 Азиза сенин үнүң эле эмес жылдыздуу жүзүңдө да бир образ бар, айта албайм турам кайсыл экенин. Кино кадырларына өтө бир жарашчу. Балким; сүйүү образы, балким; драма. Бирок: сага менин кымбат кеңешим,, Ушул *токтоо мүнөзүңдү* башкаларды туурайм деп жоготуп алба. Ал кандайча? Мааниси бузук ырларды аткарба, обу жок кыйкырып-чаңырган ырларды ырдаба, коомго жат көрүнүштөрдү колдонбо, ачык кийинбе, батыштын ыплас аялдарын туураба. Айымдык ушул сапатыңды сактап кал. *Шоу* адамды тез бузат. Сак бол карындашым. Сага ийгилик каалайм! 🌹🌹🌹
Билбейм кайдан табылгансың сен мага? Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай. Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан, Башкалардын миңи сага татыбай. Же атайы сен жаралып мен үчүн, Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң. А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн, Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң? Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө, Ал түн мага сени эскерткич белектей. Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй, Мен көрүүгө сенин көзүң керектей. Уктаганда сенин уйкуң менде бар, Ойлорум да ойлоруңа киришкен. Сен экөөбүз эки сандай барабар, Сен экөөбүз эки суудай бириккен. Биз экөөбүз эки сандай барабар, Биз экөөбүз эки суудай бириккен.