Ажарыңа арбалып дидарыңа зарланып Муңканып ыр ырдадым бул бул кушка айланып Кыйноо салган кылыгың кызгалдактай бууралып Күн кечке созом обон күкүк болуп үн салып Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө Ашыгып ыр арнайымн асыл кечим өзүңө Өчпөс болуп жанасын өрт сымал жүрөгүмдө Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын Туткуну болдум эркем тушалган бул жагдайдын Бир өзүңдү ойлоймун бир өзүңдү самаймын Тагдырга башымды ийип тартым сен деп убайым Алдыман чыга калсаң ай сымал түндө жаркып Арзум күчөп ансайын алоолойт сага тартып Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып таңдагы Суусатат бүткөн боюң сулуулугун андагы Карааныңа зар болуп кайгырсам кубансамда Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсең деп кучагыма Сагынтасың күн сайын саргайтып сар санаада Арманга тумчуктурбай алганым болчу жанымда

Бабалардан калган сүйүү ыргагы, Бул жашоонун көркү көңүл ачууда. Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай, Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына. Сенсиз көрккө келбейт, Жазгы тентек желдей. Жансыз күндөр өттү басып ирмемдей. Билчи, жаным, билчи, Жан дүйнөмө кирчи, Сени күткөн бакыт эшиги ачып бергендей. Бир берилген шаттуу өмүрдө, Кир кетпесин аруу көңүлгө. Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай, Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө. Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет, Конок сымал коомай карап турсаң да. Максаттардын сересине умтулуп, ай, Ай, жылдыз, ай, сербеп колду сунсам да. Назик көркү гүлдөй. Керемети күндөй, Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин. Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден, Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү. Чындык ошол жашоо шартында, Эмне жетсин бийик арзууга? Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай, Сен да мага аппак сүйүү тартуула. Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай, Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула. pesni.guru