Өтсө да жылдар арадан, Жолугуп калдык кайрадан. Сезимдер толкуйт а бирок, Бакытты таптым башкадан. Кайырма: Байкадым бирок кечиргин, Жүрөгү бөлөк сезимдин. Сыйлашып өмүр улансын, Чакырба сүйүү мезгилин. Экөөбүз башка жолубуз, Бир эмес биздин оюбуз. Жөрөктү бүтүн арнаган, Бүлөм бар өчпөс отубуз.