Билбейм кайдан табылгансың сен мага? Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай. Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан, Башкалардын миңи сага татыбай. Же атайы сен жаралып мен үчүн, Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң. А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн, Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң? Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө, Ал түн мага сени эскерткич белектей. Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй, Мен көрүүгө сенин көзүң керектей. Уктаганда сенин уйкуң менде бар, Ойлорум да ойлоруңа киришкен. Сен экөөбүз эки сандай барабар, Сен экөөбүз эки суудай бириккен. Биз экөөбүз эки сандай барабар, Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
Мезгил учат жылдар узап тыным албастан, Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан. Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин. Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин. Аппак болуп тийип турган күн да жашынар, Токтобостон себелеген жамгыр басылар. Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги, Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси? Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси, Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси. Өмүр кемеси, өмүр кемеси...