Күндө сиз каалаган жаңы сапаттуу караокелер жүктөлөт. Ырдын минусу атайын нейросетте сапаттуу түрдө жасалат. Эгерде жасалган караокеде катачылык кетсе, комментарийге жасып койсоңуз, дароо ондогонго аракет кылабыз. Биздин канал чыгарманы элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Караокени ырдын автору каалагандай колдоно берсе болот.
Сураныч: Эгерде автордук укук бузулса, комментарийге жасып койсоңуз, дароо өчүрүлөт
Өкүттүү кусалуу жарааттуу Өзгөчө армандуу азаптуу Өзөктү тытмалап да бир түн Өзүңсүз дагы бир таң атты Кайырма: Мелжиген дүйнөгө батпай чын Мен келем сен эшик ачпайсың Мен жетчү бактыны ыйлатып Мен кетчү жолума таштайсың Сенсиз мен адашкан жөжөдөй Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй Серпилсем бир сенсиң билмексен Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй Кайырма: Сүнгүп мен чыга албас санааны айт Сүрүнгөн сүрүлгөн жарааны айт Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы Сүйдүргөн сүйгөндү айабайт
Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк, Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн. Өттү баары, ээлеп ордун кусалык, Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң, Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң. Өттү жаштык өз күчүнө ишенген, Текеберлик издеп, жаман чындыкты. Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо, Сүйүп кеттим, кара тору бир кызды. Ээрчип кеттим, кара тору бир кызды. Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл, Көпөлөктөр учпай калды кышында. Чачта бурул топтогонбуз биз азыр, Макул болуп, тагдыр деген ушуга. Макул болуп, тагдыр деген ушуга.