“Көргөн адамдын көз жоосун алып суктандырып,жаратылыштын көркүнө көрк кошуп, көк шибер менен көп гүлдөр текши өскөн “ Белес” сымал жалпы элибизге өнөрүбүздү тартуулап, ыр суналы,” - деген ниетте аталган топту түзүлүп олтурабыз.
Жаңыдан тамыр байлап, жаш көчөтөй жашылдана турган тобубузга бата тилеп, ийгилик каалап коюуңздар!
Эн сонун аткаруу.Баары сонун ырдашыптыр.Формалары,турган турпаттары,сахнада оздорун алып жургондору-баары эн жогорку денгээлде. Мына ушундай ырчыларды сагынды эл. Аман болгула айланайындар! Оркунунор оссун,талантынар ташкындасын.Ушунунардан жазбагыла.
Кааап,ушунча сонун унун менен мындай ырларды ырдабай эле койчу,сенин тембрин бул ырга жарашпайт экен,сенин унун конгуроодой,ошондуктан классикалык ырлар сага абдан жарашат!!
Топко, катышуучуларга чоң ийгилик каалаймын. Жөнөкөйлүккө, өзүңөрдүн жасалмалуулугу жок жаратылыштан берилген сулуулугаңарга басым жасаганыңар эң туура деп эсептеймин. Элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон чыгармачыл топ болушуңарга тилектешмин. Ийгилик каалаймын.❤