Илим Элим 2017-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетинин мугалимдери тарабынан демилгеленип, Атататүрк Ала тоо Университетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын бир катар мугалимдери тарабынан колдоого алынган.
Бул демилге “Сорос-Кыргызстан” фондусунун финансылык каржысы аркылуу ишке ашып, алгачкы онлайн лекциялар жарык көргөн.
Ал эми, 2019-жылы Билим берүү жана окутуу усулдары Борбору (ЦООМО) менен биргеликте Жалпы Республикалык тестилөөгө даярданууга онлайн курстар жаратылган.