Тынчтык керек карыга да, жашка да, Тынчтык керек кайыңга да, ташка да. Апаат күнү жан-жаныбар өксүгөн, Каректерден кадимкидей жаш тамат. Кайырма: Тынчтык керек назик гүлдөргө, Наристенин сүйкүм күлкүсүнө. Улан-кыздын ак пейилдүү, Тунук сүйүүсүнө. Тынчтык керек назик гүлдөргө, Наристенин сүйкүм күлкүсүнө. Улан-кыздын ак пейилдүү, Тунук сүйүүсүнө. Тынчтык керек агып жаткан сууга да, Тынчтык керек асманда учкан ак кууга да. Согуш бузат таттуу уйкусун баарынын, Асман-жердин ортосуна чуу салат. Кайырма: Тынчтык керек назик гүлдөргө, Наристенин сүйкүм күлкүсүнө. Улан-кыздын ак пейилдүү, Тунук сүйүүсүнө. Тынчтык керек назик гүлдөргө, Наристенин сүйкүм күлкүсүнө. Улан-кыздын ак пейилдүү, Тунук сүйүүсүнө. Согуш болсо, бардык нерсе жетимдей, Калары анык кургап, соолуп, жетилбей. Тынчтык керек, тынчтык керек андыктан, Дүйнө бейкут турсун үчүн кетилбей.
Тынчтык керек карыга да, жашка да, Тынчтык керек кайыңга да, ташка да. Апаат күнү жан-жаныбар өксүгөн, Каректерден кадимкидей жаш тамат. Кайырма: Тынчтык керек назик гүлдөргө, Наристенин сүйкүм күлкүсүнө. Улан-кыздын ак пейилдүү, Тунук сүйүүсүнө. Тынчтык керек агып жаткан сууга да, Тынчтык керек асманда учкан ак кууга да. Согуш бузат таттуу уйкусун баарынын, Асман-жердин ортосуна чуу салат. Кайырма: Согуш болсо, бардык нерсе жетимдей, Калары анык кургап, соолуп, жетилбей. Тынчтык керек, тынчтык керек андыктан, Дүйнө бейкут турсун үчүн кетилбей.