"MUHSIN KG" Каналындан Ислам динин негиздерин жана ислам тарыхы баяндаган окуяларды, тафсир, акыйда, арап тили, хутбалар, баяндар жана адеп ахлака байланыштуу сабактарды таба аласыздар
Биздин каналга катталып руханий жана диний илимиңизди көтөрүп, башкалар менен бөлүшүңүз. Жакшы иштерде жардамчы болуңуздар
Э таксыр, сен матрудий ашарий аалымдардын бир да китебин калтырбай баарын окуп чыктыңбеле, же жөн эле илимсиз далилсиз сүйлөп койсом өзүмө окшогон илимсиздер ишене берет деп ойлодуңбу? Мына сага далилдер... АШАРИ-МАТУРУДИЛЕР ТАУХИДДИ ЭКИГЕ, ҮЧКӨ, ТӨРТКӨ БӨЛҮҮСҮ بسم الله الرحمن الرحيم 1️⃣ - Чоң ашари-матуриди аалым Зайнуд-Дин Аби аль-Касим аль-Кушайрий р.а. (465 х-ж) өзүнүн “Рисала Кушайрия” китебинде таухидди мындай деп бөлгөн: “Таухид үчөө: 1-Таухид аль-хакк лиль-Хакк, 2-Таухид аль-хакк лил-холк 3-таухид аль-хольк лиль-хакк” 2️⃣ - Ашари-матуриди аалым Ас-Саййид Мухаммад Муртада Аз-Забидий р.а. “Таажуль-Аруус” китебинде айтты: “Таухид экиге бөлүнөт: рубубия жана улухия(же илахия). Рубубия таухиди - бул Аллах Таала жалгыз Аршынын үстүндө бардык иштерди башкарып турат деп күбөлүк берүү”. 3️⃣ - Чоң ашари-матуридий аалым Мухаммад аль-Газзий р.а. “Тухфатуль-А’алий” китебинде “Дау’уль-Ма’алий” Мулла Али Каринин китебине шарх жазып мындай дейт: “Мулла Али аль-Каарий Фикхуль-Акбар китебинин шархында Фатиха сүрөөсүн “Ааламдардын Роббусу Аллага мактоо болсун” - бул таухид ар-рубубияга жана ага тиешеси болгон таухид аль-улухияга ишарат кылат… жыйынтыктай айтуучу кеп: Куран башынан аягына чейин ушул эки таухид жөнүндө баяндайт… “Эгер сен алардан асмандар менен жерди ким жаратты деп сурасаң, алап жооп беришет Аллах деп” деген аят мушриктер таухид рубубияны тастыкташына далил” 4️⃣ - “Фатхуль-Аллаам” китебинде ашари-матуридий аалым Хишам аль-Камил Муса р.а. башка ашари-матуридий аалым Ахмад аль-Мазрукийди р.а. “Акыйдатуль-Ауаамга” шархынынын 37-бетинде мындай дейт: “Пайда: таухид төрткө бөлүнөт: 1-таухид аль-улухия 2-таухид аль-афаал 3-таухид ас-сыфаат 4-таухид аз-заат” 5️⃣ - Ашари-маутуридий аалым Ахмад Бин Иса аль-Ансарий р.а. “Аль-Акыйда ас-Санусияга” шарх жазып мындай деген: “Таухид төмөндөгү бөлүктөргө бөлүнөт: 1-Таухид аль-Улухия 2- Таухид аль-Афа’ал 3- Таухид ас-Сифат 4 - Таухид аз-Заат” 6️⃣ - Ашари-матуридий аалыи Али Усман Жародий р.а. “Жаухарату-Таухид” китебине шарх айтты: “Ашарийлер таухидди үчкө бөлүшөт: 1-Таухиду аз-заат 2-Таухид ас-сифаат 3-Таухид аль-афаал” 7️⃣ - Ашари-матуридий аалым Шариф аль-Журжаний р.а. “Та’рифаат” китебинде айтты: “Таухид үч нерсе: 1- Аллах Тааланы рубубият аркылуу таануу 2 - Анын жалгыздыгын моюнга алуу 3 - Ага бирөөлөрдү теңдеш кылууну четке кагуу” ТАУХИД - бул дин илимдеринин мырзасы болгондуктан, аны окуучуларга түшүнүктүү болуусу үчүн илгертеден аалымдар аны ар кайсы ыкмалар (методдор) менен түшүндүрүшкөн. Жеңил түшүндүрүүнүн дагы бир ыкмалары - аны канча бир бөлүккө бөлүү менен түшүндүрүү. Бул тажрыйба аалымдар арасында кенен колдонулуп келген. Мисалы даараттын парздары мынча, намаздын рүкүндөрү мынча, орозону бузуучулар мынча деп аалымдар китептеринде аят, хадистерге таянып жазышкан. Мындан максат элге жеңилирээк түшүндүрүү болгон. Ошондой эле таухид илимин да жеңилдетүү максатында аалымдар аны илгертеден далилдин негизинде бир канча бөлүктөргө бөлүп түшүндүрүп келишкен. Имам Малик رحمه الله бул боюнча эреже чыгарган: "لا مشاحة في الاصطلاح" Мааниси: “Терминде талаш жок”. Ким кандай гана термин, же түшүндүрүүнүн жаңы методун ойлоп таппасын, эң негизги ал Куран жана сүннөткө каршы келбесе эле анда эч кандай маселе же талаш жаралбаш керек. Тилекке каршы акыркы маалда бул нерсени түшүнбөй же түшүнүп туруп атайын эл арасында фитна жараткандар пайда болуп жатат. Алардын айтуусу боюнча таухидди үчкө бөлүү методу - бул бидаат жана адашуу, мындай бөлүү арам деп кыйкырганы кыйкырган. Бул тема бир басаңдаса, бир туруп кайра күүлөнүп кетет. Максат ажы муфтий болуп турган кезинде таухидди үчкө бөлүп коюп, ынсапсыз молдолордун астында тепкиге калганы баарыбызга маалым. А бирок Максат дамылда ашари-матруди китептеринде бар нерсени айтканын алар же билбеди же билип туруп жалаа жабышты. Бул макаланын максаты алар көзгө илбей калган өздөрүнөн болгон ашари-матуруди аалымдары таухидди экиге, үчкө, төрткө бөлүп келгенин кээбир китептеринен баяндайбыз. Жогоруда айткандай бул терминдик маселе чоң талаш жаратпашы керек эле. Бул андай деле чоң маселе эмес. Бирок барган сайын ушул кичине маселеден чоң ызы чуу чыгарып, таухидди бөлгөндөрдү элге адашкан мокочо көрсөткүсү келген молдо чапанын кийген кара ниет адамдар карапайым элди алдап, мусулмандардын сабын бөлүүгө аракет жасап жатканы жан кейитет. Аллахым аларга хидаят жана ыклас берсин
Маа щаа Аллах! Таухид абадан да , суудан ото зарыл нерсе. Аллах Таалам бизди Таухиддин , ыймандын, сунноттун устундо жашап откондордон кылсын! Амиинь !
Ассаляму алейкум момун мусулман бир туугандар ; Аллах Талаам Орозонун сыйлыгын Өзүм берем деген. Аллахтан үмүт кылып кармаган орозоңуздардын сыйлыктарын Аллахым Өзү эселеп көбөйтүп берсин аминь . Устаз Аллах Талаам сизден ыраазы болсун аминь.