Атанын эмгегин апанын ак сүтүн актагандар, Айчүрөк, Курманжан эненин жолдорун жактагандар, Кылыгың кымбат баары үчүн Кыздардын өзүң баарысың Кыргызга сунулган аруулук,наздыгың,дабышың. Кайырма: Жаркысын сенин баскан жолуң, Жарыкка карай шашкан жолуң, Жараткан сенин жүзүңө жарык нур чачсын! Кыргыздын кызы кымбатсың, Кылган ар ишке кылдатсың Кызысың элдин кылымды келген карытып. Ай өпкөн жүзүңө сулуулук тартылып мөлтүрөгөн, Абийир намысың көрүшүң элиңе энчилеген, Эркелеп турган назыңдан, Эреркеп көөнүм жазылган, Элимдин өзүң сулуулук берген гүлүсүң Кайырма: Жаркысын сенин баскан жолуң, Жарыкка карай шашкан жолуң, Жараткан сенин жүзүңө жарык нур чачсын! Кыргыздын кызы кымбатсың, Кылган ар ишке кылдатсың, Кызысың элдин кылымды келген карытып. Намысын сактайт кыргыз кыз, Тарыхын сактайт кыргыз кыз, Журтунун наркын кылымга келет жайып кыз, Көөдөнү соккон элимдин, Кубаттап турган элимдин Кыргыз кыз дайым бар болсун салтын сактаган!