Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясындагы жүргүзүлгөн иштерде алга карай жакшы жылыштар болууда.Алдыңкы окуучуларга спонсор тарабынан кызыктыруучу сыйлыктардын берилиши бизди кубандырат."Жакшы тилек жарым ырыс"демекчи мындан да кыйын окуучулар чыга берет деген тилектемин. Алдыга умтулган жаш креативдүү коллегаларым менен сыймыктана бермекч биз,албетте өзүбүз да жашоодогу билим кемесинде болгон соң келечек муун үчүн талыкпастан,изденүү менен иштей бермекчибиз.🙋♀️
"Иши оңолоордун ити чөп жейт" дегендей быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы заманбап мектептин ишин. анда иштеп жаткан санарип мугалимдердин эмгегин дагы бир жолу иш жүзүндө көрсөттү.Ынтымактуу жамааттын ырыскысы түгөнбөйт деген ушу.Алга!!!
Билим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстери: - жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, өздөштүрүүнү жана педагогикалык жаңылыкты кабыл алууну башкаруу процесси «Инновация» түшүнүгү латын тилинен которгондо «жаңыны киргизүү» дегенди билдирет. Бул илимий адабиятта кээ бир процессти жүргүзүүнүн жаңыча жолу катары түшүндүрүлөт. Ошондуктан, инновация аркылуу кайсы бир системада бир сапаттык абалдан экинчи бир сапаттык абалга өтүү процесси жүрөт десе туура болот. Демек «инновациялык» процесс деген жаңычылдыкты жаратуучу, түзүүчү (иштеп чыгуучу), өздөштүрүүчү, колдонуучу жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Дал ушул видеодо баяндалган "6 күнгө 6 багыт"усулу-инновациялык билим берүү болуп саналып ,окуучулардын билим алуусунда алардын сынчыл ой-жүгүртүүсүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүп,заманбап окуучунун калыптанышына жол ачат!🎉
2023-2024 -окуу жылын да ийгиликтүү аяктап алдык,эң негизгиси окуучулар аман-эсен! Окууда,спортто жана ар кандай коомдук уюмдар,бирикмелер уюштурган конкурстарда ийгиликтер көп болду. 1.Орус тили жана адабияты мугалими Алмаз кызы Мээрим "Жыл мугалими-2024"конкурсунун областтык турунан ийгилик жаратып,республикага жолдомо алды 🎉 2.10-класстын окуучусу Азизова Айтурган "FLEX"программасына кабыл алынып,11-классты АКШ га барып окуусу күтүлүүдө 🎉 3.Жалпы республикалык тестирлөөдө Жылдызбеков Байстан 96 упай менен эң алдыңкы окуучу аталды🎉 4.Мектебибиздин кошумча имараты 4,5 млн сомго капиталдык ремонттон өтүп, "NANO" олимпиадалык борборуна ижарага берилип,ижара акчасы толугу менен окуучуларыбыздын билим алуусуна,аларды шыктандырууга жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого жумшалат🎉 5.Мектептин кыздар кеңеши Улуттук кыздар федерациясынын 60 күндүк марафонунда чемпион болушуп,мектепке 100 000 сом сыйлык алып келишти🎉 6.Ата-энелердин колдоосу менен мектепте "Акылдуу коңгуроо"долбоору ишке ашты🎉 7.Мектепте түзүлгөн"IQADAM"тынчтык клубу долбоорлор менен иштеп, "Кыргыз жараны "концепциясын ишке ашырууда бир топ алгылыктуу иштерди алып барышууда.🎉
Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясы инновациялык технологияларды кеңири колдонуп келет, окуучулар өз билимдерин стем , новатордук жана салттуу ыкмасы менен билим алып келишет. Видеодо көргөндөй эле окуучулар ар тараптуу, мыкты жана креативдүү жактарын көрсөтүшкөн. Бирок эң негизги айтуучу нерсе, бул алты күнгө алты багыт болгон жаңы автордук идея. Бул мектептин идеологиясы десек болот.