Кандай гана керемет обон! Кандай гана таасирлүү поэзия! Өкүнүчтүүсү текстин автору Алмаш Чойбеков анын аянычтуу тагдыры- дагы бир ирет адам баласынан өткөн мыкаачы, ичи тар, көрө албас нерсе жок экенине ынанасың... Жыгачтын жумшагын курт жейт дегендей, чыгармачыл адамдар айрыкча дүйнөнү башка түстөр менен көрөт эмеспи... Адамды адам кылган эмгек деп айтылган сөздүн терең мааниси бар белем деген ойго келесиң. Эч кимге, эч нерсеге көңүл бурбай, алдыга койгон максаттарга эмгек менен гана алаксып, бул дүйнөнүн мыкаачылыгынан сактанып калат окшойбуз адамзат...
Бул ыр алтын тамгалар менен жазылып, обону кокто сабалап учкан куштай коклогону кокологон! Каныкейдин авазына куп жарашкан мандалинди Ким ойноду болду экен?
Султан Каримов ар бир ырды маңызына жеткирип аткарат. Өзү ырды жүрөгү менен элге жеткирип ырдайт. Көп ырчыларды уксаң, элге жеткирип аткаруусу жагынан кемчиликтери бар, а Султан Каримов- аткаруу жана ырдоо жагынан "Мастер!"
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде Асманга ак шумкаарлар учкан кезде Саамайларын сеңселткен аккайыңдар Самашып сагчымды уккан кезде барам сага Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз көп күндөр арабыздан өткөн кезде барам сага Ширесин карагатар чачкан кезде Ажарын жоогазындар ачкан кезде Кучактап бийик учуруп түн куйунун Күн нуру уясына баткан кезде барам сага Гүлдөргө аарылары конгон кезде Бал чөбү ой арманын соргон кезде Алгачкы биз жолуккан кечтегидей Алтын ай асмандагы толгон кезде барам сага
Каректен кетпей элеси, Адамзат башын ийгени эле. Тогулуп бирдей момосун, Арнаган жарык дуйнону эне Ажайып белек берели, Ала-Тоо гулун терели. Тогулуп кундой мээрими, ардактап дайым келели. Ырыскы каалай, жалпына каалай Амандык тилек, айтылып келет далай, Энекебай коп жаша. Припев: Жанда жургонум берекем, Сага болоюн колокон. Жаралган жалын журоктон, Аруу тилектен, Ырымды ушул кабыл алгын энекем. Боройлоп турмуш кыш болсо, Жалындап оттой жагылган эне. Тируулук эгер куш болсо, Канаты болуп кагылган эне. Омурдун болуп тиреги, дуйного тынчтык тилеги. Эн назик эне журогу, оорутпай аны журолу. Жылдызды карай караты самай, Кайталап ырдап берем эми уктабай, Энекебай коп жаша. Припев: Жанда жургонум берекем, Сага болоюн колокон. Жаралган жалын журоктон, Аруу тилектен, Ырымды ушул кабыл алгын энекем
Коңшулаш айылдан кезиккен, Коңгуроо үнүңдү эшиткем. Корооңо кире албай коштошуп, Кол булгап калчу элем эшиктен. Агымын турмуштун кече элек, Анда сен кыз элең секелек. Кош булак өңдөнүп экөөбүз, Кошулуп бир аксак дечү элек. Кайырма: Фаридам, Фаридам… Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче, Адырдан гүл терип бергиче. Алтыным, башкага кеттиң сен, Алыстан кайрылып келгиче, Азапка бактысын байлаган. Армансыз жашоодо барбы адам? Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим. Неге сен жолуктуң кайрадан? Кайырма: Балбылдап көздөрүң карагат, Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап. Бактылуу боло көр, кош эми, Балалык ак сүйүүм аманат. Кайырма: Кош эми, бото көз Фаридам, Аман бол, сүйгөнүм, Фаридам.
Текст песни Ома "Махабатым сен" Көргүм келет сени күндө, Көлөкөңө зар болуп. Алтыным, түшөм жалынга, Көлдөй толкуп. Көңүлүмдө көкөлөймүн жар болуп, Жаркыным, жүрсөң жанымда. Кайырма: Махабатым сен, Ыйык кушум сен ыйык жандай. Айлуу түндөр, ай, Арбайт жарык шамдай. Махабатым сен, Көкөлөп чалкып учкандай. Сагынычтан арылбадым, Саамайыңа байланып. Алтыным, жаным, эзилдим, Канат болуп кагылайын. Карегиңден айланып, Жаркыным, арнап сезимди. Кайырма: Ак дилимден төгүлөйүн алдыңа, Адамзатка асыл биздин санжыра. Жадырап күн нурундай, Жарашып эгиз талдай, Боз үй тигип махабаттын айылына.