КҮҮ деген бабалардын сөзү ал-күчтү, кубатты, кудуретти жана алардын таралуусун, улануусун, таасирин туйдурат. Чет элдик сөздөр менен кошумчаласак, энергия, инерция, медитация деген да түшүнүктөрдү берет. Ааламдын жаралышы Чоң Жарылуудан башталган деген түшүнүккө кошулсак, ошол жарылуунун уландысы да бул - күү. Бул ааламдын жашоосунун законун сүрөттөгөн сөз. Күүнү угуп жатканда биз жашообуздагы күнүмдүктөн четтеп, ааламдын сырларына назар салууга, сүкүткө түшүүгө аргасыз болобуз. Ушундай табышмактуу, сырдуу түшүнүктөрдү ичине камтыйт бул КҮҮ деген сөз. Убагында биздин жергебизге келип музыканы изилдеген адистер күүнү бир гана "аспапта аткарылуучу чакан көлөмдөгү музыкалык чыгарма" деп баалап, кийинки учурда биз күүгө ошондой гана түшүнүктө маани берип жана мамиле кылып келе жатабыз. Эгерде азыркы адамзатта колдонулган МУЗЫКА деген түшүнүккө салыштырсак, биздин сөзүбүздүн мааниси абыдан эле кенен болуп чыгат.
Энсонун,Сиздерге чон рахмат. Конкурстарда толтура куулорду жазып койосуздар. А бечера комузчулар.кайдан уйроноорун да билиш пейт.Куунун атын,авторун да жасып койсонуздар,мындан да сооонун болмок.
Раматылык бейиште болсун,Болуш акенин арбагы ыраазы болсун,туштуктон чыккан залкар комузчу эле.Азыркы учурда бир уулу,кызы атасынын черткен куулорун айрым теле беруулордо чыгып атасындай кылып аткарып журот.Ошолорго ыракмат.Болуш аке он буроо,сол буроо деп,комузду куулоп чертер эле.Козунун тируусундо айтып калаар эле,Самара Токтакунова Фрунзеден атайын келип,менден Саринжи Бокой куусун толук уйронуп кетип,чертип журот,бирок куу чертеердин алдында,ушул вариантты Болуш акеден уйрондум эле деп бир ооз айтып койбогонуна капа болом -деп.Кыргыз ушундайбыз,асмандан тушо калгансып,устатка болгон сый,урматты"эшек суудан откон сон"-уннутуп калабыз!Болуш акенин уул,кыздары аман эсен Эл ичинде болуп,атанын калтырган онорун барктап,баалап чертип жургуло,жерге калтырбай.Жаш комузчуларга уйротууну унутпагыла,инилерим Кыргыз теле,радиосу да Болуш аке жонундо унутта калтырбай,эскеруу беруулорду жасап турса жакшы болмок.Тилекке каршы таптакыр куулорун Болуш акенин аткаруусунда же балдарын,кыздарын чакырып беруулорду,уктурууларды жасап турса жакшы болмок!
Сынган бугу бул күүнү укканда чериң жазылат чын эле канча комузчунун черткенин уктум бирок Карамолдо атабыздыкын укканда мындай комузчу туула элек экен дейт экенсиң
Кайран комузчу, залкар талант Болуш атабыз Куулорду ыргагына келтирип кандай гана чеберчилик менен аткарган, Жаткан жериниз жайлуу, кабырыныз нурдуу жарык болсун, Аллахым Бейишинен орун берсин🤲🤲🤲
КөкөтөйКан,Кошой Кан,Бакай бабабыз АйКөл Манас атабыз Манастап Ураан чакырып Алмамбет, Чубак,Сыргак Эр.атабыз Улуу Кыргыз эл журтун Сактап коргоп калышкан Улуу Кыргыз нарк салтын түптөп эчак салышкан. Тү У
үч кыл комуз Кыргызыма теңир берген үч кыл комуз, Кыргыз менен жашап келет үч кыл добуш, Ата-бабам кол ойноткон үч кыл комуз, Кылымдарды улап келет сырдуу добуш. Күнгүрөнөт мукам үндүү улуу комуз, Кол ойнотуп, күү чертилет бийик добуш, Күүлөнүп сүйлөй албай үч кыл комуз, Карт тарыхты айтып турат үнсүз добуш. Сыры жатат күүлөрүндө ар бир кылда, Сырын айтат тепкеги да, кулагы да, Күүлөрүндө сүрдүү коңур үнү менен, Комузум добуш берет бир башкача. Кымча бел чарасына капкагы жарашып, Аккуудай ичке мойнуна кулагы жанашып, Тепкеги, кулгунга тартылган үч кыл добуш, Комузум керемет бир жасалган экен укмуш. Кыргызды кыргыз кылган үч кыл комуз, Экөөнү ажыратып бөлө албайм бирден жалгыз, Кыргызым турганда түбөлүк жашай берет, Колдо ойногон, койкоңдогон үч кыл комуз.