Калипа синдим ырларын сонун унун да топ келишкен Ден соолукта бол чыгармачылыгын осо берсин мурда Бир ырын мага абдан жакчу Когучкондор мекен тынчтык тиреги Деген саптары бар эле ошол ыр эсинде барбы мумкун болсо ырдап чыксан болобу мааниси ото сонун болчу ийгилик каалайм
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген (ай) Туңгуюкка кептеген Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай Жаман адат күтөбүз - көр оокатты жыйнамай (эй) Кара жанды кыйнамай Бул дүйнөнүн байлыгын (эй) жалгыз ээлеп алчу бар Мансап үчүн эл-журтун да курмандыкка чалчу бар Адамзаттын ушулар (ай) убалына калчулар Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар (ай) Акыр заман салчулар Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы Өмүрлөрдүн чак түшү (эй) алтын жаштык турбайбы Каран калсын көр оокат, алды-аркасын ылгайлы Эл-журт болсо биз болорбуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы (эй) Эркин дүйнө турбайбы Өткөн өмүр - качкан куш, канаттары дилдиреп Гүл жайнаган бакчаңды да күлүк мезгил бүлдүрөт Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет (эй) Бакыт канча ким билет Кырчын жаштын кадырын да кыярганда билерсиң Кызыл өңдүн кадырын да кубарганда билерсиң Бар байлыктын кадырын да чачылганда билерсиң Бак-таалайдын кадырын сен басынганда билерсиң (эй) Качырганда билерсиң Адал ниет, ак жүрөк алсыздарга шум дүйнө Жан дүйнөсү бош калгандай наадандарга кур дүйнө Кадырына жеткенде катасы жок нур дүйнө Биз өтсөк да калар жаркып дайым жап-жаш бул дүйнө (эй) Дайым сулуу бул дүйнө Жашоо - деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай Мүнөт санап өмүрлөр (ай) өтүп жатат байма-бай Биз - кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай (эй) Бактыбызды байлабай Бир берилген бул өмүрдү бүтпөчүдөй ойлойсуң Болбос ишти кор кылып (эй) оюнчуктай ойнойсуң Шумкар болуп сызасың (эй), жылан болуп сойлойсуң Миң-миң сырдуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң (эй) Миң жашасаң тойбойсуң Миң-миң сырдуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң (эй) Миң жашасаң тойбойсуң
ТӨГӨРӨГҮ ТӨП КЕЛИШКЕН ЫРЧЫ ЧЫККАН ТУРА 😍😍 ОШОЛ ТӨПҮҢ КЫЙШАЙБАСЫН !!! УЯТ БЕРЕКЕМ !!! ДАГЫ ДА ТАКШАЛ. ДАГЫ ДА ШАҢШЫ . АЛДЫГА ОЗОСУҢ . ААЛАМДЫ ТАҢ КАЛТЫРАСЫҢ !!
Мирбек Атабеков - Бул Дуйно - текст песни Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген. Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, Туңгуюкка кептеген. Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, Жаман адат күтөбүз - көр оокатты жыйнамай, Кара жанды кыйнамай. Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар. Адамзаттын ушулар убалына калчулар, Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, Акыр заман салчулар. Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы, Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы. Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, Эркин ойноп жыргайлы. Өткөн өмүр - качкан куш, канаттары дилдиреп, Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк, Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, Бакыт канча ким билет. Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң. Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң, Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң, Качырганда билерсиң. Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө. Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө, Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, Дайым сулуу бул дүйнө. Жашоо - деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. Биз - кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай, Бактыбызды байлабай. Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң. Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң, Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, Миң жашасаң тойбойсуң.