Бүркөк асман жарк дегенде чагылган, Байкоосуздан жалыңа кабылгам. Бүт эркимди курчап алып махабат, Жалгыз сенин элесиңди жамынгам. Азыр мен да ойлоп сени жатамын, Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан. Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар, Али эсимде бирге олтурчу убактар. Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу, Алыс калды алма жыттуу турактар. Чертчү эле го түгонбогөн күүлөрүн, Миң кайталап музыкалуу булактар. Карай берип канча жолу камыктым, Эстей берип жүрөгүмдү сагынттың. Асылкечим, келчи менин жаныма, Издей берип бүт денемди талыттың. Кадимкидей кучак жайчы жадырап, Качан болсо мен сен үчүн жарыкмын. Таппай такыр махабаттын айласын, Сагындым мен жолукчу күн ай башын. Мурункудай күтүп жатам азыр да, Булбул куштун терезеден сайрашын. Ар убакта жолукчу элек бакчадан, Айтчы деги асылкечим кайдасың?
Алмашымдын текстин,да обону дагы озунуку,кээ бирлер билип билбей талаша беришет,ОЗУ жазып, ОЗУ обон чыгарган,эсинерге тутуп алгыла,окусанар жазылып туратко!?
Асанкалый агайдын ырларын 2024 жылы эмес 2100 жылы уксан да аябай жеткиликтуу мазмундуу ырлар аттин омур окунучтуу оттуп кетти бул киши азыр козу тируу болсо канча чыгарма чыгарат эле.окунучтуу😢😢😢😢😢
Кандай сонун керемет обондорду жараткан укан сайын укун келип эргип Гана олтурасын го чиркин обон жаратуу боюнча Кыргыз Эл артисти эмес Эл баатыры берсе болмок
Кандай сонун ун созу обону топ келишкен аткаруу чеберчилигине соз жок кыргыз элине тугонбос байлык калтырып кеткен экен жаткан жери жайлуу нурга толсун