"Коштошуу ыры".. 1.Жүрөгүм эзилгени, Өмүрдүн темингени!! Алыска кетип барат, Эл акын Элмирбеги. (2). Кайырма: Күтүлбөй мезгил, убак, Күндөр да өтөт чубап... Калтырып бизге кеттиң, Кызарган кызыл чырак! Арманым ичте калды, Ак сөзүм айтылбады!! Ак кызмат арнагы, Биз сизди жоготтукпу? 2.Утурлай күндөр өттү, Уйкусуз түндөр өттү... Улуу иш далай жасап, Улууңар Элмир кетти(2) Кайырма : Алп элиң сыздап турат, Арман деп какшап турат.. Кайгырып ыйлагандан, Көкүрөк, жүрок канап! Сары суу сызылганы, Сөздү айтып сыдырганы... Жүзүндө нуру калды, Биз сизди жоготтукпу?? 3.Даанышман акын элең, Достукка жакын элең... Сен деп ыйлап, какшап, Зайырбек досуң кеткен!!! Кайырма:: Аа жайдан тосуп алды, Атаңдай Тукам күтүп.. Ашыкем, Эстекем, Тоскондур сени күлүп... Орошон талант акын, Ордунан кетип калды.. Досум деп күйүп-бышып, Сел болуп ташып акты!! Оооооййй, оооооо ййй Ааааааа, оооооййй!!, Эл акын Элмирбек, Зор акын Зайырбек... Силерге таазим кылам, Болдуңар бизге белек...(2). Ээрчишип өттүңөр, Бейишке жеттиңер.. Улуу элге кызмат кылган, Уулдар кеттиңер! (2) Биз сизди жоготтукпу??.😓😭😢