Кыялбай бир өзүңдү, Алоолоп оттой жандым. Сагынба, баарын унут, Алтының болбой калдым. Кайырма: Канчалык күттүм күндө, Өрт болуп отко күйбө. Мени эми кызыктырбайт, Сен мени сүйгүн, сүйбө. Мен сени сагынбаймын, Сага арнап ыр жазбаймын. Сени ойлоп мен ар дайым, Өзүмдү кыйнабаймын Кайырма: Токтобой, тып-тып тамат, Көзүмөн жаштар улам. Акыркы коштошоордо, Мен сени кыйбай турам. Кайырма: Биз дагы жолугабыз, А бирок сендик болбойм. Жанымда жүрсөң дагы, Жүрөгүм муздак бойдон Кайырма:
Бир кезде бирге жүрүп жакшы достордон элек. Улам-улам угуп жүрөгүм тызылдады.Кыздарыма, балама айтып, таланты жана жөнөкөйлүгү менен аябай сыймыктандым. Алла таалам Бейиштин төрүнөн, Мухаммед пайгамбардын жанынан орун беришин дуба кылам.