Аралап шаар ичин басып жүрдүм, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Бишкегимдин кечиндеги. Убакыт суудай акты, унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түндү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди. Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар, Жүрөктө сагынычыма карашкансыйт. Негедир канаттуулар учуп өтсө, Сезилет сени көздөй бараткансып. Эстеймин элесиңе көзүм канбай, Азыр мен амалым жок, алыс жакта. Түшүмдө күндө сени жолуктурган, Ырахмат миң мертебе махабатка. Бишкегимди сагынганда....
Биринчи куплет жаралгандан кийин, экинчи куплет копто жаралды. Себеби соз жаратыш учун, ошол практикада болуш керек эле. Болбогондуктан КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН жаралган.