Бул каналда илим-билим жаатындагы; 1 -диний илимдер менен светтик билимдерди айкалыштыруу негизинде тренингдик видеолор, 2- таалим-тарбиялык маанидеги видеолор жана түз эфирлер, 3-өзүн-өзү өнүктүрүү 4-даанышман сөздөр 5-орус тили 6-араб тили 7-англис тили сабактарынын видеолору жарыяланып турат.
Агай сизге чооң рахмат орус тили китептерди кыргыз тилинде так даана түшүндүрүп жазгансыз, биз 8-класста окуган балама алып бергенлек экинчи бөлүгүн толтуруп бүтөйүн деп калды, көп нерсенин маанисине барып биздин грамматикалык катабызды да оңдоп баштады, сизге өтө ыраазыбыз, рахмат, буйурса англис тили китептериңизди да алып беребиз
Мага сабактарыңыз аябай жакты, жеткиликтүү, жөнөкөй жалпак тил менен, кыргыз тили менен салыштырып түшүнүктүү кылып берипсиз. Мен курска окуп, андан кийин өз алдымча ютубдан окуюн деп издеп таап алдым. Ар бир сабакты 4-5жолу кайталап көрүп мээме сиңирип атам. Чоң рахмат