Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк, Бара жатат андагы эл абайлап. Эл артында мен дагы бара жаттым, Шылдың болуп калбайын деп, Башты жерге салбайын деп, көк жылгаяк, Көк жылгаяк, көк жылгаяк. Эсте калды ошондогу бир кыш убак, Көңүлдөрдө кубаныч, шаттык улап. Сыйгаланып жыгылды бир сулуу кыз, «Тура кой» деп колдон тартып, жайды сурап, Алды сурап, жайды сурап. Кандай сонун табигаты кышындагы, Карарган жер жамынып күмүш карды. Кызыгына мен батып табигаттын, Унутупмун таптакыр, эстебедим таптакыр Жылгаякты, жылгаякты, жылгаякты.