Ала-Тоонун ары жагында, Кыздар ойноп жатышат. Шакектерин жоготушуп, Бизден көрүп жатышат. Ай, ай, ай, ай, жаман экен кыздар, ай. Ала-Тоонун ары жагында, Балдар ойноп жатышат. Калпактарын жоготушуп, Бизден көрүп жатышат. Ай, ай, ай, ай, жаман экен балдар, ай. Ала-Тоонун ары жагында, Кыздар ойноп жатышат. Шакектерин таап берсек, Бизге рахмат айтышат. Ай, ай, ай, ай, жакшы экен балдар, ай. Ала-Тоонун ары жагында, Балдар ойноп жатышат. Калпактарын таап берсек, Бизге рахмат айтышат. Ай, ай, ай, ай, жакшы экен кыздар, ай. Балдар ай, Кыздар ай.