Жаратканга жалынып, атаң менен тилендик, Сен жаралып дүйнөгө зор бакытка бөлөндүк. Чачың өрүп беш көкүл сырдаш бол деп ыктадым, Кучагыма бек кысып, ыйман тилеп уктадым. Кайырма: Барган жерден бакыт тап, Жылдыздуу бол ай кызым. Арабасын тең айдап Сыймыктуу бол ай кызым. Уяткарбай элиңди Урматтуу бол ай кызым Акырында айтаарым, Бактылуу бол, ай кызым. Түгөйүңдү түбөлүк падыша көр эрмегим, Кубанычта-кайгыда кашында бол берметим, Кубандырып журтуңду ак жолтой бол секетим, Жыл айланбай буйруса бешигиңди берейин. Кайырма:
Кундо угам ушул ырды.козумо жаш алам .бир туугандарыбыыз аман болсун мандайыбызга.эч ким бизди эжебиздей коргой албайт болуш кк.ата энебиздин бизге тартуулаган бир туугандарыбыз аман болушсун❤
Бал болсоң бачым татайын, Башымды сага катайын. Махабат ташып жүрөктөн, Бактылуу болуп жашайын. Гүл болсоң күндө жыттайын, Күлкүңдөн башка укпайын. Жайды жайлап, айды айлап, Жаныңдан алыс чыкпайын. Сен менен өмүр бир өтсүн, Сен мага сүйүү мүрөксүң. Кай жерде жүрсөк бир каксын, Кагышы эки жүрөктүн.
Мен да сагындым ата энемди пенденин колунан Кураан окуп ата энбизге бейиштик кылышын Жараткан Аллахтан сурангандан башка эчтеке келбейт экен. Неля чындап эле соонун кыз садаган кетейин сага ушинтип тарбия берген ата эныне Аллах ыраазы болсун. Ырларын баары жагат соонун мен дайыма угам. Сага 5+ баа берем. Балдарына да ата энен сага бергендей жакшы тарбия берип журо бер садагам туболук бактылуу бол.