Кубанычтар дайра болуп агылып, Келин келет ак шекуле жамынып. Куттукташып жубайлардын улпетун, Той башталды, той башталды, Алакандар, алакандар чабылып. Кайырма: Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба, Бийлейли, бийлейли, Кошто жигит ыр ырда. Бактылуу болгула, Ишке ашып оюнар. Кут болсун, кут болсун, Уйленуу тоюнар. Ак тилектер, ак ниеттер айтылып, Апалардын чачыласы чачылып. Кана эмесе, оо, туугандар ак жол тилеп, Каалайлы, каалайлы, Узун емур, узун емур, чексиз бакыт. Кайырма: Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба, Бийлейли, бийлейли, Кошто жигит ыр ырда. Бактылуу болгула, Ишке ашып оюнар. Кут болсун, кут болсун, Уйленуу тоюнар. Жоодураган кездер кезге кыналып, Жашагыла жазгы гулдей буралып. Абийирдуу, ар намыстуу болсун деп, Ата-эненер, ата-эненер, ата-эненер бата берет кубанып. Кайырма: Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба, Бийлейли, бийлейли, Кошто жигит ыр ырда. Бактылуу болгула, Ишке ашып оюнар. Кут болсун, кут болсун, Уйлонуу тоюнар
Текст песни Жар жар, Гульнур Сатылганова Кошулушуп эки жаш Жуп болуптур жар-жар Кубанышып эл-журту Кут конуптур жар-жар Толкуп келген мейманга Той баштайбыз жар-жар Болушунча аянбай Бой таштайбыз жар-жар Алтын ордо гүл бакча Калалуу бол жар-жар Артыңардан ээрчиткен Балалуу бол жар-жар Ак элечек колго алып Ыргап жүргүн жар-жар Жакшы менен жаманды Ылгап жүргүн жар-жар Асманга учсун куш болуп Ак тилегиң жар-жар Ажырашпай бир жүрсүн Ак билегиң жар-жар Баскан жериң дайыма Гүлдүү болсун жар-жар Бүгүн курган жашооңор Бүрдүү болсун жар-жар Ырыс алды - ынтымак Билип жүргүн жар-жар Ата-энеге башыңды Ийип жүргүн жар-жар Ак булуттан себилген Кар болгула жар-жар Дайым ушул жашоодо Бар болгула жар-жар