ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ Кыргызстандын баардык аймактарында жүзүм багбанбанчылыкты өнүктүрүү. ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ боюнча суроолор үчүн t.me/juzumkg телеграм аркылуу байланышсаңар болот.
Ассолому алейкум. Суроо: Бизде торт жыл болуп калды бир туп жузум бар. Эки жылдан бери момо берип жатат.Бирок сен айткандай ухаживать кылган деле жокпуз.Бирок былтыр жакшы момо берди.Эми сен айткандай кылып жасасак болчудай. Азыр туйуп баштады суу эле куюп коюп жатабыз.Дагы кандай азык берсек болот азыр.Май айында.Кенеш берип койчу
Жүзүм сууну көп деле талап кылбайт. Көп куя бербегиле, сезондо 3-4 эле жолу суу ичет. Фосфор менен калийден бергиле. Аны сатып алган жерден сурасаңар айтып беришет. Обрезканы күздө же жазда кылганда туура кылгыла.
Карагатты февралда суюлат. Обрезканы туура кылсаңар жакшы түшүм берет. Тамырына жакын картошканын калдыктарынан көөмүп койсоңор жакшы болот. Карагат крахмалды жакшы көрөт
Баардык эле көчөттү отургузуп атканда, тамырга топурактан бөлөк эч нерсе тийгизбей отургузса жакшы. Башка удобренияларды топурака аралаштырып астына салып кетсе жакшы.
Кышкыга көндүрсө болот, бирок кее бир жылдары өтө катуу суук болгондо үшүк алып кетет экен да жүзүм өлүп калат экен. Эң жакшысы жалкоолонбой эле жаап койгону.
Ар кандай формировка кылып өстүрсө болот, бирок сортун билиш керек, ошончо көп мөмө бере алабы же бере албай калабы. Ар бир сорттун өзүнө жараша болот, силнорослый болсо болот.