«Даун синдрому» тууралуу уккан белеңиз? Айрым адистер аны «оору» катары сыпаттайт, бирок алар жаңылышат. «Даун синдрому» - бул өзүнөн-өзү болуучу генетикалык абал, бирок бул синдром менен төрөлгөн «өзгөчө балдар» кадимкидей спорт менен машыгып, сүйлөп, билим ала алышат. Бул синдромдун пайда болушуна эмне себеп болооруна окумуштуулар бүгүнкү күнгө чейин жооп таба алыша элек. Ал эми сиздин балаңыз «өзгөчө» болсо аны Ош шаарындагы Шакиров 10/1 көчөсүндө жайгашкан «Сантерра-Юг» күндүзгү ресурстук борборуна алып келсеңиз болот. Аталган борбордо «Даун синдрому» бар балдар окутулуп, алардын ата-энелерине кеңеш жана колдоо көрсөтүлөт.
Каналга жазылуу: / @kloop3223
Биздин веб-сайт: ky.kloop.kg
Facebook: kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz
Instagram: / kloopkyrgyz
9 дек 2021