« Идаят » чыгармасынын автору Шекербек Адылов. Аткарган @Ulukbek_Dastanchy үн жаздыруу кыргыз радиосунун студиясында жазылды.Колдонгон комуз #намазбекуралиев дики.06,04,2023 @ULUKBEK1994
Идаят деп айтыңды,ырга сени салайын, Күйгүзсөңда ичимди,күндө жолуң карайын. Эч ким тартып ала алгыс,ырдан мончок тагайын, Арзып жүргөн жанымды,алып сага барайын. Ашык болдум өзүңө,аяайсыңбы аягыын, Эрмегимсиң Идаят, элге угулсун баяным. Жаңы чыккан баланын, тили сенсиң Идаят, Жайнап чыккан жылдыздын, бири сенсиң Идаят. Коштоп жүргөн өмүрдүн, күнү сенсиң Идаят, Коңгуроодой комуздун ай, үнү сенсиң Идаят. Өлчөп турган жарыкты, көзүм болдуң Идаят, Өртү салган жалынды, өзүң болдуң Идаят. Сезип өзүң келсеңчи, Семетейдин жүрөктөй, Жолугарга Идаят, жолтоо кылды күн өтпөй. Тартсаң боло жибиңди, Төлөгөндүн Жибектей, Колдон келген иш болсо ай, койбойсуңбу жүдөтпөй. Жарпым жазып жаныма келесиңби Идаят, Жаңшап айткан сөзүмө, көнөсүңбү Идаят. Курман болгон сүйүүгө Кулмырзада, Аксаткын, Куса кылып Идаят куураттыңда какшаттың. Кулу экен сүйүүнүн Курманбекта, Айганыш, Кургурум ай Идаят куса кылбай байланыш. Бул өмүрүң барында жайнасаңчы Идаят, Күйүүтүмдү сен келип айдасаңчы Идаят. Жоругуңду эстесем жоктойт сени бүт аалам, Жетсең эгер кадыр го Жеңижоктой сүйө алам. Көксөп барып жолуккан, көк сулуум болсоңчу, Тумандатпай башымды, туурума консоңчу. Эээииииииий Бакыт кушун конгонун, билесиңби Идаят, Башың байлап өзүмө, тийесиңби Идаят. Ашык кылган өзүңдү, Алымканың мен дедиң, Азап тартып турганда ай, анда неге келбедиң. Экөөбүздүн барар жер, эми башка жер дедиң, Тоскоолдорго чыдасаң, Токтогулум бол дедиң. Сулуулукту жараткан сага гана бергендей, Үзүлүп тиктейм өзүңдү, Үрдүн кызы келгендей. Иймерилип жаш жалын, Идаят деп какшадым, Эзесиңби ушунча, эмне сенин максатың. Жоктугуңда Идаят, жүрөк күүсү толгонбой, Жол каратып күттүрдүң ай Жолболдунун, Чолпондой. Болсо ортодо ак сүйүү, жеңет дедим Идаят, 2 Үмүт үзбөй өзүңдү, келет дедим Идаят. 3