Разия Өсөрова - бир далай жолу Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу кагылыштарынын очогунда калган Көк-Таш айылынын тургуну. Разия апа 72 жашта, өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын айыл башчысы болуп кызмат өтөгөнгө, Баткендин жерин, анын жашоочуларын коргогонго арнаган.
Элеттиктер аны эрдиги жана тайманбастыгы үчүн жакшы көрүп, жергиликтүү Курманжан датка деп атап алышкан. Разия апа жерин коргойм деп ажал таап кала жаздаган күндөрдү да баштан кечирген. Бирок бул ага ишин улантканга жолтоо болгон эмес.
================================================
Каналга жазылуу: / @kloop3223
Биздин веб-сайт: ky.kloop.kg
Facebook: kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz
Instagram: / kloopkyrgyz
7 мар 2024