Эстедим жаш чагымды, Тил албай айтканыңды. Азабым далай тартып, Ак басты чачтарыңды. Кеттим мен билим самап, Күттүң го жолум карап, Кең жайып тасмалыңды. Күйүттү эч билбеген, Күн каалайм кеч кирбеген. Арка-бел атабыздын, Жоктугун сездирбеген. Ажалдан күч келсе да, Ааламды бүт берсе да, Алмашпайм эч ким менен. Байтерек карааныңыз, Бакыт, кут жамалыңыз. Кудайдан өмүр тилеп, Кыйшайсам таядыңыз. Жараткан аян кылган, Пайгамбар баян кылган, Бейиш жай таманыңыз. Корго деп эл-жериңди, Тарбия бергениңди. Апаке, кантип актайм, Ак сүтүң эмгенимди? Соолбосо асыл денем, Жер сайып башым менен, Кайтарам эмгегиңди
Аалы Берекем КЫРГЫЗ учун жаралыптырсын,аккардионду да жакшы тартат турбайбы,сенден КУДАЙ эч нерсени аябасын,коп жаша балам элдин суймончугу болуп журо бергин, омурлуу бол денсоолукта тынч бол керемет,жашоону саймалап жашагын!!!!
Уксам ыйлай берем,азыр өзүм чоң эне болсом дагы,Аалыке сени кудайым жаман көздөн,жаман сөздөн сактасын.өмүрүң узун болуп жүрөк эргиткен ырларды жарата бер.
Азаматсың Аалы балам! Эң сонун ырдаптырсың. Таланттуу, акылдуу сендей уулу бар кыргызымдын келечеги эң жакшы. Бар бол айланайын! Ишиңе ийгилик, үй бүлөлүк бакыт! Сен менен сыймыктанабыз! Сени тарбиялап өстүргөн ата энеңе таазим!!!
Гулбарчын атамдын калган жашын дегенин туура эмес болуп калат,атана канча жаш берилсе ошончону жашадыда ,андан ашык берилген эмес,апан оорубай омурлуу болсун
Тил албай айтканыңды. Азабым далай тартып, Ак басты чачтарыңды. Кеттим мен билим самап, Күттүң го жолум карап, Кең жайып тасмалыңды. Күйүттү эч билбеген, Күн каалайм кеч кирбеген. Арка-бел атабыздын, Жоктугун сездирбеген. Ажалдан күч келсе да, Ааламды бүт берсе да, Алмашпайм эч ким менен. Байтерек карааныңыз, Бакыт, кут жамалыңыз. Кудайдан өмүр тилеп, Кыйшайсам таядыңыз. Жараткан аян кылган, Пайгамбар баян кылган, Бейиш жай таманыңыз. Корго деп эл-жериңди, Тарбия бергениңди. Апаке, кантип актайм, Ак сүтүң эмгенимди? Соолбосо асыл денем, Жер сайып башым менен, Кайтарам эмгегиңди
Аалы кандай сонун супер үнүң бар азаматсың эл ырчысы Эстебес тобуна жалпыңа таазим чыгар-к ийгилик бар болгула дагы көп көп ырларды күтөбүз үнүңөргө үн кошулсун
Эне сыйлаган эркек бала эч качан кыйналбайт .Эненин журогунун торундо жакшылыктын кени бар ошону бил ошону сез .сен ошону батасы аркылуу алып кал омурун узун , бак доолот, ден соолук ошо батанын ичинде сендей балдар коп болсун кыргыз элимде