Бүгүн, 11-апрелде WhatsApp социалдык тармагында Беловодскидеги N16-абактын "смотрящийи" Алмазбек Сулайманов - "Лимонтинин" кримдүйнөнүн өкүлдөрү тарабынан аёосуз сабалып, "сындырылганы" тууралу маалымат тарады. Ал маалыматка ылайык, кримдүйнөнүн өкүлдөрү "Лимонтиден" "общактагы" 16 миллион сомго жана долларларга отчет берүүсүн талап кылып, сабап салышкан. Сабалган "Лимонтини" "мужиктердин" арасына таштап кетишкен.
Андан кийин абактагы "мужиктердин" кримтөбөл Камчы Көлбаевге "Лимонти"- Алмазбек Сулаймановдун үстүнөн арызданышкан видеотасма тарады.
Булак: KyrgyzToday
12 сен 2024