Кудай батасын мол төгө берсин! Өзүң да сонун кыз экенсиң, сүйлөгөнүң да сонун экен, өтө таасирдүү сөздөр болду Ушул күбөлүк аркылуу уккан, көргөн адамдын жашоосу өзгөрүп, куткарылып, Кудайдын элине кошулуп калышсын.оомийин.Рахмат, сонун кыз.
Ыйса машайак аркылуу Кудайды таанынуу бул баардык эле адамдарга бериле бербейт. Бул адамдын акылынан жогору турган улуу бакыт. Улуу бакытты мага да белекке берген Кудайыма алкыш!!!
Туура түшүнөсүздөр деп ишенем, күбөлүк сөз айтчу адамды сыйынуу менен тандап алуу жакшы го дейм. Анткени кээ бир Ыйсага ишенген адам күбөлөндүрүү эмне экендигин жете түшүнө бербейт. Күбөлүк сөз менимче 3 бөлүктөн туруусу кажет: 1. Ыйсага ишенгенге чейинки жашоом кандай болгон? 2. Кантип, кайсы сөз аркылуу же кандай кырдаалда жана эмне себептен Ыйсага ишенип калдым? 3. Ишенип калгандан кийин менде жана менин жашоомдо эмне өзгөрдү? Биздин Кудай тартиптин Кудайы. Баш-аламан сөздөр менен жон эле убакыт коротпой, так жана түшүнүктү сөздөр менен оюбузду жеткирүүнү үйрөнөлү. Эже үчүн кубанычтамын. Кудай Ыйсага болгон ишенимди бербесе, адам өзү эч качан ишене албайт. Ася эжеге ишеним бергени үчүн Кудайга даңк болсун!