Текст Кызганамын 1 куплет Кызганычтан от боломун өрт боломун, Анын баары сен деп жүргөндүктөн. Кызганычтан чок боломун муз боломун, Анын баары сени сүйгөндүктөн. Кызганычтын бар экенин укчумун, Сенден сездим сен деп жүргөндүктөн, Башкалардын ичтен кызганаарын, Сенден сездим сени сүйгөндүктөн, Кайырма: Кызганамын мен сени кызганамын Тиктеп алып жаныма суктанамын. Кызганамын мен сени кызганамын, Эркерээк назы бар кыз баламын. 2 куплет Кызганыч бул ишенбестик деген эмес, Кызганамын жоготкондон коркуп. Сенсиз өткөн күндөрүм ал күн деле эмес. Ал жөн гана орду толгус боштук. Кызганыч бул сүйүү менен келген, Жашай берсин биздин жүрөктөрдө. Махабатым таттуу ар бир күнү, Сакталса дейм ар бир мүнөттөрдө. Кайырма: Кызганамын мен сени кызганамын, Тиктеп алып жаныма суктанамын. Кызганамын мен сени кызганамын, Эркерээк назы бар кыз баламын. Х2 Кызганамын мен сени кызганамын, Сүйгөндүктөн кызганамын.
Улгулуу уйбуло эки дуйно кыздарынар менен бактылуу болгула ооминь 🤲❤️🇰🇬 ыр дует эн мыкты болуптур бири биринерди суйууп журо бергиле коз тийбесин тфу тфу.
❤️❤️❤️Бактылуу Болгула Суйуунор Акыреттик Суйуулордон болсун❤️❤️❤️Жума Кунунор Менен Мусульман Бир туугандар Баарынарга чын Таштай Бекем Ден Соолук Суудай Узун Омур Каалайбыз🤲🤲🤲☝️☝️☝️
Аваз Айдананы туура тандаган Айдана баардык жагынан бар кайын журтуна уй булоосуно сахнадада уй жумуштарына да аябай жакшы кором жакшы келин болду маладец убакыт отуп озуно окшогон жакшына келин туш болот Аллах эки дуйно бактылуу кылсын уй булоон ата энен менен
Суктанган уй булосунор, коз тийбесин, ар бир уй було силердей кош жылдыз тугойдордон болушсун. Жаштар силерде улгу алып ар бир уй було бекем болсун! Ыр супер!