Тёмный

Айжамал Кабылова "Айта бар арманымды" Архив. 

Гулсина Чотонова
Подписаться 86 тыс.
Просмотров 13 тыс.
50% 1

"Айта бар арманымды"
Алыстан сапар тартып,
Айдың кеч кербен келет.
Тааныштай ээрчип аны,
Көк менен булут сүзөт.
Шыңгыры коңгуроонун,
Угулат кулагыма.
Алаксыйт көңүл кушум,
Ашыктык ырларына.
Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Жымыңдап жылдыз көктө,
Жылгада жатсаң көрөт.
Апаппак булут менен,
Кошулуп кетким келет.
Кыйырсыз чексиз аалам,
Бар болуп калганын көр,
Ырчыга ошол дүйнө,
Тар болуп калганын көр.
Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.
Кабарлап койсоң кана,
Үнүңдү угар болсом,
Үмүткө жетелене,
Сагынып күткөн болсоң.
Ак булут айтып барар,
Ак сүйүүм, махабатым.
Кербендер айтып барар,
Кусалуу жүрөк дартын.
Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Кино

Опубликовано:

 

3 июн 2021

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 11   
@user-sr5bc6iw2b
@user-sr5bc6iw2b 2 месяца назад
Сонун соз жок алдыга умтула берин. Биз сиз менен . 2024 угуп жатам.
@user-ih7dv1li4m
@user-ih7dv1li4m 9 месяцев назад
Суйомго суйом бул композицияны Айжамалдын аткаруусунда. Ошол чиркин убактар...
@user-uh2cq1xs1i
@user-uh2cq1xs1i Месяц назад
❤❤❤❤❤
@user-ce1lm4os3x
@user-ce1lm4os3x Месяц назад
Айжамалдын, аткаруусундагы, ушул, ыр, мага, абдан, жакчу, ырдын, атын, унутуп, калып, копко, издедим, эми, таптым, эстегенде, угуп, атам. Айжамал, сонун, аткаргансын, сага, бак, берсин👍👌🖕
@user-cx1mp7xg7z
@user-cx1mp7xg7z 6 месяцев назад
Кызымдын ырларына таазим тааланты ташкындайберсин үй бүлөөлүк бак ыт жаңы жылда жакшы ийгиликтерге жетишсин.
@user-zo8um9ml2h
@user-zo8um9ml2h 4 месяца назад
Сонун соз жок 😍😍😍
@musaevaburulai
@musaevaburulai 3 дня назад
2024 угуп жаткандар барбы ?
@user-my5yc2gg8b
@user-my5yc2gg8b 2 дня назад
Мен коруп олтурам
@sheraliraskulov4542
@sheraliraskulov4542 2 месяца назад
👍👍👍👍👍🌹🌹🌹🌹🌹👏👏👏👏👏
@user-bf9pt8pm2r
@user-bf9pt8pm2r 2 месяца назад
Ырдын автору ким
@askatkeneshbekuulu4683
@askatkeneshbekuulu4683 8 дней назад
Мамажан Козубаев - Ак булут, айта бар арманымды
Далее
Суши из арбуза?!
00:34
Просмотров 909 тыс.
Кыз Бурак Кайрылып кел
4:20
Просмотров 895 тыс.