Текст❤ Жашоо жакшы жер басып күн көрсө адам, Кудайдын бул дүйнө деген гүл багында Бул жашоонун кумарына канып-канбай, Кербен сымал келет адам, кетет кайра Ушундай экен, айтың достор Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн. Кайырма: Жолугушабыз, жолугушабыз, жолугушабыз, Ширин арзуу, үмүттөргө чулганалы. Кетер дүйнө көңүлдөрдү капалантпай, Чын жүрөктөн сагынышып жолугалы. Бул дүйнөнүн өмүр деген дайрасында Учат күндөр, ай-жылдарга алмашып. Жакшы адамдар көп болгула арабызда, Жакшы сөзүн айтып көңүл кубандырган. Ушундай экен, айтың достор Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн. Кайырма: