Музыка каналдан ыр деле укпай калдым эле . Бирок эки кун мурда Алина эженин аткаруусундагы ыр жаш кезди эске салды. Эн сонун дует болуптур. Саксафондун уну жанды эргитет.
Алыстан көзгө көрүнсө Ак тилектен көйнөк кийгендей Айгашып желге турса дагы Айтылбаган сырды билгендей Аппак кайың неге мынча Терең ойго батасың Ашыктыкты жалгыз кайың Кантип ичке катасың Жалгыз ак кайың Көрсөтүп сүйүү асманын Сырдуу ак кайын Махабат жазын бастадың Шыңгырап ойду термейсин да Жан дилиңден обон созгондой Бактыга кенен кулач жайып Махабатты бирге тоскондой Жалгыз кайың сүйгөнүмдү Элестетип сагынам Алгач сүйүү азабынан Канткенде мен арылам? Айттырбай баарын түшүнүп Ак сүйүүмө күбө болгонсун Жан досум, жалгыз өскөн кайың Сагынычта кошо болгонсун Билип турсан кусалыктын Сен дайыма себебин Махабатым эстен кетпейт Сага кайра келемин
Айзада кызым ырдан дагы саксафондо эн мыкты денгээлде ойнойт экенсин сага тынчтык ден соолук бакубат жашоо каалап, онорун оркундой беришин каалайм жана АЛЛАХым сага баардык жагынан куч кудурет бактылуу лук берсин