Кыргыз тилинде көркөм чыгарма жараткан жаштардын тексттерин окууну улантам, достор!
Бул ирет «Матисаков мектебинин» дагы бир жаш таланты Айнура Сүйүтбекованын “Бейиш багы” аңгемесин окудум. Текстте жалпы оңдолсо боло турган жерлер, кошсо боло турган кошумча сүрөттөө, көркөмдөө, өнүктүрсө боло турган ойлор аз эмес. Бирок мага автордун негизги тандаган багыты жанагылардан алда канча маанилүү туюлду, жакты, ошо менен салыштырганда айтылган кемчиликтердин баарын тажрыйбанын аздыгы менен түшүндүрсө болот. Багыт дегеним - сторителлинг - окуянын баяндалышы; уламыш, анын автордун өз турмушунан уландысын көрсөткөн мисалы, жалпы чыгарманын окурманда кандайдыр бир позитивдүү сезим калтырган жыйынтыгы. Эгерде автор мындан ары баяндоонун бул ыкмасына көбүрөөк кайрылып, тек гана өз сезими менен чектелбей, окуяны баяндоо жагына басым жасаса, анын техникасын курчутса, алдыда мыкты жазуучуга айланаарында шегим жок. Ийгилик сага, Айнура!
Автор: Айнура Сүйүтбекова
Окуган: Төрөкул Дооров
Музыка: Асылбек Насирдинов
9 июн 2024