Ыйманы кетти пенденин,
Маанисин билбей келменин.
Кээ бирөө билбейт муну да,
Жалганга неге келгенин.
____________________________-
Патреондо колдоп, Кыргызстандын оңолушуна салы кош. Шилтеме менен өтүп инструкцияны азыр аткар -
/ temirovlive
_____________________________
Айтканга дагы ыңгайсыз,
Бул ишке сиз да ыйлайсыз.
Кудайга теңеп пендени,
Акмактар чыкты ыймансыз.
Ушундай сөздү жазгандар,
Силерди жер алаар бекен.
Ыйык туткан ошол адам,
Өлүмдөн алып калаар бекен.
Кудайга теңеп жаздың деп,
Көрүңө алтын салаар бекен.
Же кор кыстоого барганда,
Кыйнап жылаан талаар бекен.
Теңесин мейли күн айга,
Тепсесин дейли ылайга.
Териси жука адамды,
Теңешет кантип Кудайга.
Бул сөзгө калдым таарына,
Көргөзгүм келди баарына.
Ушуну жазып не азап,
Кудайдын калып каарына.
Жалайм деп адам аркасын,
Жонуңа күнөө артасың.
Ажалың жетип өлгөндө,
Азабын мунун тартасың.
Жагамын деп бирөөгө,
Баттыңар го күнөөгө.
Ыйык деген адамың,
Көрүн бербейт түнөөгө.
Жагалданып пендеге,
Жашайсың айтчы эмнеге.
Биз сыяктуу адамды,
Пайгамбарга теңебе.
Ээх макулук макулук,
Билбейсиң кайсыл зат улук.
Ээй жагалданба адамга,
Жараткандын аты улук.
Биздин тик-ток - vm.tiktok.com/...
Инстаграмыбыз - / aytaytdese
baba 13. bölümdeste official прямой эфираалы туткучеваза ишенбековайпери кубик кызыайт айт десеайтайтдесеболот назаровболот назаров айтышдесте официалжаны айтышжаны айтыш 2021кыргызча ырларрегион твсанжар калматайсупер айтыштайсон акынтокмо акынтөкмө акынукмуш айтыштычагылган ырэлмирбек иманалиевтез кабармаданиятболот акынакындарэпос манас
13 сен 2024