Биздин кыз биздин кандай кыз Жагылган жарык шамдай кыз Таалими кучтуу башынан да Адебин артык балдай кыз Кызыбыз биздин айдай кыз Мунозу жагым майдай кыз Буткондой кундун нурунан да Конулу аткан тандай кыз Кайырма: Келечегин жаркырап Кенен болсун ай кызым Тилегинди кудайым Берген болсун ай кызым Биздин кыз биздин таттуу кыз Акылы менен барктуу кыз Энесин тарткан эстуу кыз да Атасын тарткан нарктуу кыз Кызыбыз биздин эстуу кыз Түпкү атасы тектуу кыз Ата эне андан аянбайт да Болушунча септуу кыз Кайнененди кадырлап Жандай коргун ай кызым Кайнатанды кастарлап Хандай коргун ай кызым Биздин кыз биздин жакшы кыз Жактырабыз жалпыбыз Жабыркатпай кудагый да Жакшы бир кутуп алыныз Кайырма: Кызыбыз биздин асыл кыз Баа беребиз баарыбыз Алтындай кызга жолуккан да Артык бир экен багыныз Ак жолугун башындан Тушпос болсун ай кызым Турмуштагы кубанчын Бутпос болсун ай кызым Кармашкан бир колунар Бекем болсун ай кызым Каалаганын жолунда Белен болсун ай кызым Бактылуу бол ай кызым