Тёмный
No video :(

"АККАН СУУ" | ЖЕҢИЖОК 

Kyrgyz Organic
Подписаться 4 тыс.
Просмотров 2,6 тыс.
50% 1

#World_Water_Day #EcoCentrism
AKKAN SUU performed by OMURZAK KAYYPOV
Жеңижоктун "Аккан суу" чыгармасы кыргыз элинин арасында сууга аяр мамиле жасоо философиясын чагылдыргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Чыгарманын тарбиялык мааниси жогору. Жеңижоктун замандаштарынын айтымында, чыгарма жети күн бою аткарылган.
#СУУ_СЫЙЛАГАН_ЗОР_БОЛОР, #СУУ_КОРДОГОН_КОР_БОЛОР
#ЖАМГЫР_МЕНЕН_ЖЕР_КӨГӨРӨТ, #БАТА_МЕНЕН_ЭЛ_КӨГӨРӨТ
Jenijok's song "Akkan Suu" reflects the Kyrgyz people's philosophy of water conservation. The educational value of the work is high. According to Jenizhok's contemporaries, the song was performed for seven days.

Опубликовано:

 

25 авг 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 1   
@user-nj6qt6vw9k
@user-nj6qt6vw9k 7 месяцев назад
Жер жүзүнө жайылып Толуп чыккан аккан суу, Жети кабат жер астын Жарып чыккан аккан суу. Жер, Ааламдын баарысын Багып чыккан аккан суу. Алты кабат жер астын Жарып чыккан аккан суу. Адам менен Обону Багып чыккан аккан суу. Ала-Тоонун боорунан Жарып чыккан аккан суу. Алтын канат, жез куйрук Балык чыккан аккан суу. Кара-Тоонун койнунан Агып чыккан аккан суу. Күмүш канат, жез куйрук Балык чыккан аккан суу. Кара жердин астынан Жылып чыккан аккан суу. Кайда барып токтоорун Билип чыккан аккан суу. Ак кыянын боорунан Агып чыккан аккан суу. Өмүр отун тутантып Жагып чыккан аккан суу. Көк жалгаяк асканы Тешип чыккан аккан суу. Көк торполуу көк жарды Эшип чыккан аккан суу Зоодон сынбай бир жери Кулап түшкөн аккан суу. Аяк-башын үзүлтпөй Улап түшкөн аккан суу. Ташка тийип чачырап Баркыраган аккан суу. Далай жерге токтолбой Шаркыраган аккан суу. Кууш жерге келгенде Күркүрөгөн аккан суу. Үрөйүңдү учуруп Үн сүрөгөн аккан суу. Жайык жерге барганда Жаркыраган аккан суу. Эңкейишке киргенде Аркыраган аккан суу Кулагыңды тундуруп, Капчыгайды чуу кылып Шаркыраган аккан суу Коркок адам сүрүнөн Калтыраган аккан суу. Сурап-сурап отурсаң, Кайда болот аккан суу? Тескейи бийик терең сай Коодо болот аккан суу. Ак асаба мелжиген Боодо болот аккан суу. Башы туюк капчыгай Сайда болот аккан суу. Издегенде табылбас Жайда болот аккан суу. Бетегеси кулпунган Төрдө болот аккан суу. Жаратылыш жасаган Өрдө болот аккан суу. Каз-өрдөгү калкыган Көлдө болот аккан суу Бопбоз болуп кор болгон Тамчы сууга зар болгон Чөлдө болот аккан суу Мурда болуп көрбөгоң Жерге келген аккан суу. Жер үстүндө жашаган Элге келген аккан суу Өз тулкусун жоготпой, Бир тамчысын коротпой Кармап келген аккан суу Курмандыкка денесин Арнап келген аккан суу. Аягы жок, колу жок, Токтойм деген ою жок Жүрүп келген аккан суу. Бара турган жерине, Кире турган көрүнө Күлүп келген аккан суу. Бир жагына көгөртүп Дарбыз кылат аккан суу. Эч кимди шерик кылбастан Жалгыз кылат аккан суу. Алабата, көк беде, Жалбыз кылат аккан суу. Аюу чачы, ак сокто, Андыз кылат аккан суу. Үстүңө кийип жүрүшкө Кийим кылат аккан суу. Өз өнөрүн билбестен Кыйын кылат аккан суу. Чайга салып ичишке Нават кылат аккан суу. Барган жерин кулпунтуп Абат кылат аккан суу.
Далее
Коротко о моей жизни:
01:00
Просмотров 244 тыс.
I Built a WATERPARK In My House!
26:28
Просмотров 11 млн
拉了好大一坨#斗罗大陆#唐三小舞#小丑
00:11
THE BEST KAZAKH MUSIC
26:31
Просмотров 198 тыс.
SHONO - Kolkhozoy traktor (Official Music Video)
4:25
Башҡортса яраткан йырҙар
1:03:16