Тёмный

АКЫН, ЖАЗУУЧУ КАЧКЫН ОТОРБАЕВДИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ... 

Просмотров 790
% 11

Оторбаев Түгөлбек (Качкын Оторбаев, Түгөлбек Турпан уулу)
Белгилүү акын Оторбаев Түгөлбек (Качкын Оторбаев, Түгөлбек Турпан уулу) бүгүн 82 жаш курагында дүйнө салды.
Ал Жумгал районунун Багышан айылында 1942-жылы 15-июлда туулган. 1959-жылы Чаек орто мектебин, 1964-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун механикалык факультетин ийгиликтүү аяктап, автомобиль транспорту боюнча инженер-механик деген кесипке ээ болуп, Фрунзедеги 1-жүргүнчүлөр автопаркында механик болуп 1965-жылга чейин иштеген.
1965-1966-жж. жүргүнчүлөр автотрестинде бөлүм башчы, 1966-1969-жылдары Панфилов районундагы автобазанын башчысы, 1969-1977-жылдары Жумгал районунун автоба-занын жетекчиси, 1978-1991-жылдары Кант районундагы жүк ташуучу автобазанын директорунун орун басары, 1991-1992-жылдары Кант районунун жүргүнчүлөр автобазасынын директору, 1992-жылдан Мамлекеттик техникалык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2010-жылы Бишкек шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган.
1955-жылы Жумгал районунун «Социалисттик мал чарба» деген гезитине «Почтальон Токтосун» деген биринчи ыры жарык көргөн. Кийин райондук, республикалык гезит-журналдарга макалалары, ырлары жарык көрүп, 1962-жылдан «Чалкан» журналына сатиралык ырлары басылып турган.
2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
Кыргыз тилинде
Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 1-т. - Б.: Бийик-тик, 2002. - 495 б.
Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 2-т. - Б.: Бийик-тик, 2002. - 439 б.
Жумгал дастаны: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 3-т. - Б.: Бийиктик, 2002. - 527 б.
Мидин минткен экен (1-китеп): Ырлар, экспромт сөздөр, сатира. - Б., Учкун, 2006. - 317 б.
Мидин эл арасында: Ырлар, экспромт сөздөр - Б.: Турар, 2008 - 320 б.

Опубликовано:

 

10 янв 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 3   
@ismailov4650
@ismailov4650 5 месяцев назад
Качыкемдин жаткан жери жайлуу болсун АЛЛАХЫМ бейиштин гул бакчасынан орун берсин.
@ainagulkasymalieva5639
@ainagulkasymalieva5639 4 месяца назад
Жакшылар эрте кетет тура.Жашап турса,далай чыгармалар жазылмак экен.
@ainagulkasymalieva5639
@ainagulkasymalieva5639 4 месяца назад
Кайран киши ,эрте кетиптир.Залкар киши эле.