Азамат Акматбек,үй булон менен бактылуу бол.Онорун өсө берсин..Элмирбектин шакирти экениңди көргөздун да ишенген шакирти болупсуң Өсө бер элдин батасы тийип
Концерт эң мыкты деңгээлде өттү садага болоюн Акматбек бар бол айланайын сага Алла таалам бекем ден соолук узун өмүр берсин үй бүлөң менен бактылуу бол сен Кыргыз Элине келген Кутсун Аллахым жаман көздөн жаман сөздөн сактасын Эл алдында жаркылдап жайнап жүрө айланайын ар дайым жаныңда Болоттой мыкты адал чынчыл досторуң жандап жүрсүн Элмирден калган жакшылаарым Эл үчүн ак кызматыңарды кыла бергиле алтын дообушуңар Ала-Тоодо шаңшый берсин! ❤❤❤❤❤
Акматбектин концертине катышкан топко терен ыраазычылык билдирем, чыгармачылык онорунор оркундой берсин ийгилик каалайм, Акматбектин конур уну аябай жагымдуу угулат экен азаматсын баракелде.
Бар бол алтыным Акматбек, кыргыз элинин бактысы үчүн жараткан Аллахым берген сени!!!Ырың дагы,ыйың дагы чын жүрөктөн,сени менен кошо ыйлайм ар дайым! Аллахым жаман көздөн,жаман сөздөн сактасын, үй бүлөң менен бактылуу бол!!!
Кайран Элмир асылым, шакирттердин ар-бирин туура тандаган көрөгөч жан болгон тура❤. Нурзат дагы ажайып айым экен❤. Элмирдин данектери уулдары менен Жайдары кызын ЖАРАТКАН бакыттын бардык түрү менен сыйласын ылайым❤.
Акматбектин концертине бара албай калдым эле. Концертти интернеттен кытайдын Топо деген порт шаарында жүрүп көрдүм. Абдан толкундандым,жашыдым,курчудум,кыргыз болуп жаралап калганыма дагы бир жолу сыймыктандым. Кытайдан бекер келген эмес экенсиң иним Акматбегим. Булбулдай үнүң өчпөсүн,өнөрүң өркүндөй берсин Акматбек акыны кыргыздын.❤🎉
Акматбек азаматсын ийгилик сага онорун осуп оркундой бер.Чыгармачылык ийгилик.Уй булон менен бактылуу бол.Ата энене чооон рахмат.Сенин жакшылыктарынды коруп аман болушсун.Ата энен бир туугандарын менен корушконго кудайым насип кылсын.
Акматбек, омурун узун болуп, чыгармачылык бийиктик жана элдин сүйгон уулу бол. Концертин абдан жогорку денгээлде отуптур. Германиядан салам, Элмирдин Аканы эсен бол.
Акматбек сага чын ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Элдин сүйгөн эрмеги болуп , кылымдар жаша. Сүрөөнгө алган Манас театры алга. Оштон тилектештигин билдирген Жолболду Алибаевдин үй бүлөсү.
Азамат Алтын балам концертин ото Жогорку денгелде отуптур бактылуу турмуш кечир жубайын менен Тен арып Тен кары алыстагы сени Тапкан Ата Энен Бир туугандарын Аман болуп сени менен сыймыктанышсын Жана корушконду Насип кылсын,кудайымдын кыргызга Берген талантуу сыймыктуу уулу бар бол суйуп суйдуруп журо бер
Кыргыз кызы болгонума сыймыктанам❤. Кандай гана кекмет кече болгон, сахнадагылардан баштап, катардагы көрүүчүлөр баары не деген залкарлар❤. Зал толгон элдин ар-бири МЕН КЫРГЫЗ деген мекенчилдер. Концертке мага окшоп бара албай комментарий жазган жана окугандын баарын мен кыргызчыл, улутчул, патириот деп эсептейм. ❤. Бар бололу КЫРГЫЗДАР❤❤❤!!!
БАШТАЛГАНДА ЭЛЕ ДЕНЕ ЧЫМЫРАП.....АТА БАБАНЫН РУХУ КАНДАЙ БИЙИК БОЛГОНУН ТУЮНТУП...ТАРЫХЫБЫЗГА СУНГУП КИРИП . .УЛУУ ЭЛ ЭКЕНИБИЗДИ ТАСТЫКТАЙ АЛГАН КОНЦЕРТ БОЛУПТУР❤❤❤❤❤❤АЗАМАТСЫН АКМАТ ИНИМ❤СЕН ЖАЛПЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ ТААНДЫК КЕНЧСИН❤❤❤
Азаматсынар, Акматбек сен башкача,өзгөчө онөрүндун бет ачарыны тартуладын. Төкмө акын өнөрчүлүк бир гана биздин кыргзыл элинде түптөлүп келген,андан кийин казак туугандарыбыз да,башка улуттардан жок.Бул тарбиялоо ,кыргыз идеиялогисыны өнүктүрүү деп түшүнсө болот..Сени колдогон акындарга разычылык билдиремин.
Кыргыз элим аман болсун!Мекенибиз гулдоп,онугуп осо берсин ❤❤❤ Эл ичинде Акмат балам аман бологой,чыгармачылыгын дагы да бийиктиктерге жетип,ийгиликтерин арта берсин
Акматбек азамат, эң сонун концерт болуптур. Ден соолукта бол, чыгармачылык ийгилик каалайм. Сен кыргыз деп күйгөн чыныгы мекенчил, жүрөгүң назик акынсың.
Азаматсын Акматбек👍🏻👍🏻👍🏻❤️🔥❤️🔥❤️🔥💐💐💐...эн жогорку денгээлде отуптур концерт,кыргыздын тарыхын даназалаган,кыргыз элинин намысы бийик,элдин суймончугу жана сыймыгысын
Жан дүйнөгө азык, көңүл толтурган концерт болуптур. Акмат Султан уулу, Баракелде! Талантына таазим, өсө бер, уюткулуу элдин уулу🎉 Элмирбектин төрт тарабы жорго шакирти
Төкмө акын Акмат Султановго Кыргызга келип, Элмирди тапкан Өнөрлүү Акмат, акынга жаккан Эне-атаны эстеп, сагынса дайым Сыр, муңун айткан ичине каткан Атынан айтпай сыпайы акын ,,Акан" деп атап, саначу жакын Жылмая карап, жымсалдап турчу Сыймыктанчу, чыкса деп атын Окуйм деп келип, билимин алган Ойлогон ою ишке ашкан анан Өнөрү менен баарына жагып Өз бала болуп, элимде калган Жүрөгү назик, боорукер акын Жан дүйнөсү элиме жакын Устатыңдай Океан сымал Турпаты ырдан бүткөндөй алтын Элмирбектей чалкыган деңиз Улуу, кичүүнүн баарына тегиз. ,,Төкмө келсе-төр бошот" аттуу Элмирбек салган жолдорго негиз Устатын жоктоп кайгырды абдан Томсоруп калды айрылып андан Телмире тиктеп, арасын элдин Көнбөскө жок да, ажалга аргаң Алган жары асылдан болуп Аябай жакшы атакка конуп ,,Жеңилин жерден, оор болсо.. Колдон алып, жүрсө экен коруп Айтышта Акмат, жадырап күлгүн Өнөрдө дайым жуурулган түрсүң Туулган жерди сагынсаң дагы Муунуң бошоп ыйлабай жүргүн Көрүшүп, учурашып оюма жетип Колунан өөп, батамды берип Сүрөткө түшүү буйруду, минтип Жазып койдум, оюмду терип Күзөбаева Бүүрайым Куткшевна Бишкек/Токтогул 24-01-2024
Кут болсун. Азаматсың Акматбек. Элмирдин шакирттери Изат, Болот, Акматтай мекенчил уул кыздар көбөйсүн. Кыргыз элинин улуттук каада-салтын Манасты даңктаган, эң сонун концерт болуптур. Жалпы уюштуруучуларга алкыш айтам. Жаратканым жалгасын. Мекенибиз гүлдөсүн. Манас атабыздын урпактары кемибесин, кейибесин. ❤
КЫРГЫЗДЫН КЫРААН ТӨКМӨ АКЫН УУЛУБУЗ, АКМАТБЕККЕ ӨНӨРҮ ӨКЮНДӨП ТАЛАНТЫ ТАШКЫНДАП ИШТЕРИҢЕ ИЙГИЛИК БЕРЕКЕ БАЛАМ БАРАКЕЛДЭ АЛЛГГАА.💯🏃♂️🏇🏃♀️👍🤝👌💖🤗🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Кандай сонун керемет!!!Баары керемет!!!Жамактын маани-маңызы, уйкаштыгы, философия, тарых, каада салт, үрп адаттын баарын камтыган!!!Кыргыздын руханий дуйносу кең, аябай керемет!!!
Акматбек азаматсын чыгармачылыгын оркундой берсин,ишине ийгилик омурун Узун болсун Элмирбекти ардайым айтып журозунор акындар арбагы колдосун келечекте ,Эл акыны бол.
Акматбек алтын иним , сендейлер чанда жаралат,Элмирдин шакирти , эми озундун шакирттерин сени курчасын, уй булоон мн аман бол деп Москвадагы куйормандарын Урановтордун уй булоосу🙋
Мындан концерттер көптөн бери боло элек болчу. Азаматсың Акматбек кыргыздын чыгаан уулдары сендей болуш керек. Ютубдан көрүп аябай толкунданып кубанып сүйүнүп. 🎉🎉🎉
Манасты айткан акындар аман болгула,уучубуз кур эмес экен,так,даана,таза ниети да Кут болсун,биздин Жийденин омурлук жубайы,бар бол, бай бол,элин мн сыймыктана Бер!Ийгилик болсун!!!
Кутмандуу кунунөр менен ! Мендей болуп, Акматбектин концерттин филорманиядан көрө албай калгандар канча болду экен. Акматбек балам, биздей сенин көнцертине кире албай калгандар үчүн дагы бир концерт берчи. Күтөбүз.
Акматбектин чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өттуптур.Айтыш өнөрүнүн баасын,баркын Элмирбек ойлогондой таасирдүү, оозеки мурастарыбызды баардык жанрын калың элдин жүрөгүнө кесиптештерин менен жалында ып,мекенчил сезимдерин ойготууга.Баракелде Акматбек.
Акмат акын аман бол абдан бийиксин бийиктиктин белин аш сени сыйлаган куйорманынмын кыйырдагы кырды ашып озон сууну кечип журогун менен энсеп жеткен кыргызына аман бол кыргызын сыйлап алсын уктабайкоруп жатам ❤
Абдан кучтуу концерт болуптур . Бул башталышыгана болсун. Элибиздин сыймыгы болуп журо бериниздер. Изат эжеге озгочо рахмат. Акмат акындын музасы сизсиз.
Мен ушуну тушунбойм, жанагы журналист болумуштар ушундайларды эмне чагылдырып элдин сезимин сурабайт, каяктагы болбогон нерселер боло электе эле жугуруп барышат.
Акматбек аман бол,чыгармачылык онор секисинде чарчабай чаалыкпай уча бер,уй булон мн бактылуу бол,элмир акындын татыктуу шакирти,кыргыздын кыраан тулпары.апа.