18-январь күнү Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Маматалы уулу Мухамбетаалыны издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Тилекке каршы натыйжа болгон жок. Куткаруучулар жеринде түнөккө калышып, 19-январь күнү издөөнү улантышат.
Маалым болгондой бүгүн аталган жаранды издөөгө жалпы 358 адам чыккан. Анын 187си ӨКМдин куткаруучулары. Курамында 5 кинолог бар. Ошондой эле куткаруучулар жетүүгө кыйын болгон жерлерди бийиктиктен көрүү үчүн 18 дрон менен штаб түзүлүп, иш алып барылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
17 янв 2024