Билем, билем турмуш теген ушундай, Бирде утуп, бирде болот утулмай. Келе жатам өзүмдү, өзүм түзөтүп, Жүрөйүн деп калыбымдан бузулбай. Кайырма: Дилим таза, таза ниет жүрөгүм, Кудай күбө өз жолумда жүрөмүн. Ачуум келген кезде ага жеңдирип, Назар шагын сындырбадым бирөөнүн. Адатым бар көңүл калса баспаган, Азабымды берип келди канча жан. Ушунчалык тагдыр татаал болсо да, Чындыгым бар көкүрөктө жаттаган. Кайырма: Көлөкөмдө кимдер сайран курушту, Кимдер менин жан дүйнөмдү туюшту?. Канча бири жакшы сөзүн ыроолоп, А канчасы карап четте турушту.
Алишер иним талантына таазим ырларындын баары сонун. Чыгармачылык ийгилик уй-булон менен бактылуу бол. Ушунундан жазба иним..обончу Рахатбек Сейтек уулу. 0 555 05 47 65. Токмок.