Октябрь райондук сотунда Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. 3 жашар кыздын өлүмү боюнча анестезиолог Айнура Туратбекова менен стоматолог Айганыш Кадыркуловага жана документтерди жасалмалоо иши боюнча Ахунбаев атындагы медакадемиянын медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков, "Дентомакс" жеке клиникасынын директору Байыш Шамурзаев жана стоматологдун жолдошу Данияр Таалайбековго кылмыш иши козголгон. Стоматолог Кадыркулова, күйөөсү Таалайбеков жана Шамурзаев үй камагында, калган шектүүлөр камакта.
18 июн 2024