Тёмный

Америкадагы кыргыз : 400 ашык трак иштетебиз / Сайпидин Туташов / Жаратман подкаст 

Jaratman Podcast
Подписаться 60 тыс.
Просмотров 45 тыс.
50% 1

AITIM GROUP - АКШда бизнес тармагындагы өнөктөшүңүз!
► / aitim_group
_______________________________________________
Жаратмандын бул жолку мейманы, Америкадагы биздин ишкер мекендеш Сайпидин Туташов өзүнүн кызыктуу мигранттык жолун айтып берди. Ал студент кезинде эле океандын ары жагына кетип, ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, турмуштун көптөгөн өйдө ылдыйын башынан өткөргөн. Ал мигрант болуп өз жолун эң төмөнкү жумуштардан баштаган: дааратканаларды жууп, тез тамактануучу жайларда иштеп, тамак-аш жеткирүүчү болуп, таксист болуп иштеген, ресторан ачып, бирок көпкө узабай банкрот да болгон. Бирок азыр ал ири ишкер жана SamExpress деген ири жүк ташуучу компаниянын тең негиздөөчүсү болуп калды.
Сайпидин Туташовдин мигранттык жашоосу кино сыяктуу: жогорку окуу жайын аяктабай туруп, бөтөн жерде өзүн таап, эң оор жумуштарды жасап, ийгиликтин чокусуна чыккан. Ал кандай кыйынчылыктарга туш болду жана кыйын кырдаалдардан кантип чыкты? Баарын жоготкондо, ал кантип духун түшүрбөй, америкалык кыялына умтулду? Бир таксиден баштап, кантип 400 жүк ташуучу машина иштеген компаниянын тең негиздөөчүсү болуп калды? Мунун баары тууралуу биз өз мекендешибиз менен ачык жана чын дилден сүйлөштүк. Айтмакчы, жаңы iPhone 15 утуп алгыңыз келсе, чыгарылышты аягына чейин көрүңүз!
Бул чыгарылышты колдогону үчүн AITIM Group компаниясына жана Тимур Тиленовго чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Лайк басып, комментарий жазып, каналыбызга жазылууну унутпаңыздар!
Жаратманга салым кошуңуз:
M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040
OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)
►Биздин Instagram:
/ jaratman_podcast
►Биздин TikTok:
/ jaratman_podcast
►Биздин Telegram:
t.me/jaratman_podcast
►Instagram Урмат Насыкулов:
/ urmagramm
►Видеомейкер:
/ izat_mukhametaliev
►Музыка:
• Кадыр Батырканов & Кыл...
0:00 Анонс
1:12 Интро
3:35 Конок менен таанышуу
5:31 Балалыгы жөнүндө
8:29 Реклама
9:34 Америкага алгачкы сапар
19:31 Америкадагы алгачкы жумуш
21:19 Кыйынчылыктар
28:05 Мүмкүнчүлүк
30:42 Реклама
31:18 Чикагодогу эмгек жолу
36:04 Бул тажрыйбалар эмне берди?
45:21 Бизнес: ашкана ачтым
53:45 Таксисттерге болгон мамиле
58:19 Банкрот: алган сабак
1:04:39 Кыйынчылыкка туруштук берүү
1:07:35 Бизнеске болгон кызыгуу
1:09:09 Таксиде иштөө
1:13:23 Трак бизнесинин системасы
1:23:51 Диспетчер - трак компаниянын жүрөгү
1:30:00 Бизнестеги стратегиялар
1:37:10 Конфликт тууралуу
1:43:15 Жумушчунун айлыгы
1:46:00 Эки өлкөдөгү бизнестеги айырма
1:52:45 АКШда кыргыздардын акыбалы
1:52:44 Мексика аркылуу жол
1:57:12 АКШда баланы тарбиялоо
2:00:20 АКШнын озгочолуктору
2:07:14 Жаштарга кенеш
2:10:40 Конкурс iPhone 15
#кыргызстан #сша #акш #трак #мигрант

Опубликовано:

 

25 июн 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 604   
@Nuriia7777
@Nuriia7777 17 дней назад
Сайпидинди лично тааныйм !отто жакшы адам!Мен дагы Мексика аркылуу Америкага баргам,турбодо 3,5 ай отуруп Анан Сайпидин алып чыккан мени!Турмодон чыккандан кийин Дагы коп жерден жардам берген!Алла Ыраазы болсун Сайпидин!Ишине Ийгилик!!!Нурия🫶🫶🫶🫶🫶
@BekmyrzaIshenaliev-cp4wr
@BekmyrzaIshenaliev-cp4wr 16 дней назад
Сизге үйлөнөп деп аракет кылып үйлөнө албай калганго
@nunuch9981
@nunuch9981 16 дней назад
@@BekmyrzaIshenaliev-cp4wrтоба тоба, жазат десе эле бирдемени жаса беришет…
@finansist7
@finansist7 15 дней назад
Азыр Америкадасызбы
@JUGURUK
@JUGURUK 2 дня назад
Кандай бактылуусуң
@user-zc3py1ec6d
@user-zc3py1ec6d 15 дней назад
Мигранттын азаптуу жашоосун он эки жыл толук башымдан откордум,кыргызстанда эч нерсе жок ,иштейин десен иш жок,турмушка чыгып бала тороп олтурайын десен же жакшы куйоо жок,ал заманда кийейин десен жакшы кийим да жок,жегенге жакшы тамак жок,эл загыоа нан жеп калган заманда айласыздан чаар ала сумканы судуроп алып,россияга кеткем.россияда орустарым кийими жок калган маал экен,аябай кыйынчылык менен бутка турдук.кырк градус суукта туруп иштедим.артымдан бир туугандарымды жетелеп барып иштетип адам болушту.уй машиналарды алышты,кудайга шугур жетишкендиктер аябай жакшы болду,.бир гана окунучтуу жери турмушум жакшы болбоду,балалуу боло албадым,бир кыз торосом инвалид болуп торолуп калды,оор жук которуп иштеп суукта жургондун азабы отту окшоцт билбейм.андан кийин оорукчан кызым менен үйдө олтуруп калдым.кызым менен он уч жыл эчтеке жумуш жасай албай үйдө олтуруп калдым,дагы жакшы уй алып алган элем шаардан.кызым отуп кетти жакында,депресияга туштум , үйдө олтурсаң ар жерин ооруй баштайт экен,анан ойлонуп ,кой иш жасайын деп аракет кыла баштадым,бир жерге иштейин десен жашы өтүп калган адамды жумушка эч ким албайт экен.кой колдон келген жумуш тамак жасоо,мантыны жакшы жасайм .магты жасап алып чыкпайымбы деп жасап чыгып сата баштадым,кудайга шугур жаман эмес,алаксыйт экенсиң,адал иш экен.аракет кылып элге жакшы таза азык жедиргенге аракет жасап атам.булардын баарын жазып жатканымдын себеби мигранттын турмушундагы азап тозоктун баары башымдан өткөн,наркомандарга тонолуп,тепкисин жеп,акчаларды алдырып,эч нерсеси жок еалган күндөр баштан өткөн.кичине иштеп Кыргызстанга келсем,айылда Россияга кеткен аялдар баары бузулуп кетишиптир,бир квартирада эле жашаган үчүн эркектер менен жашай беришет экен деген сөз жүрүп атыптыр,апам байкуш тынчысызданып,чындап эле ошондойбу деп кайгырып алыптыр.катуу таарынгам ошондо.адамдарга.ошо оор заманда Кыргызстан баткакка батып акаев кланы менен Кыргызстанды талап тоноп жеп атканда,ушу бизге окшогон аялдар ала сумканы судуроп,ошо кыйынчылыктан Кыргызстанды судуроп чыкпадык белек.ушу аза да болсо жакшы заманда мигрант кана жаратып жатканы жалганбы.менин айтайын дегеним алыста жакында жүргөн мигрант балдар кыздарыбызга терен таазим.жандарынарды таштан жаратсын аллахым, өзү жар болсун.кылган меенетинердин акыбети кайтсын,силерге ишенем Кыргызстанды унутпай элди жерди жогорку жакшы жашоого жеткиресинер.ыссык саламым менен .магазиндин алдында майда манты сатып олтурган,кыргызстандык эженер.
@user-bo9jz1op1s
@user-bo9jz1op1s 10 дней назад
Сизгеда ден соолук, уй булолук бакыт
@tovaaseltilekma2773
@tovaaseltilekma2773 10 дней назад
Аллахым сизге коп жакшылык берсин
@InfiSput
@InfiSput 10 дней назад
Береке, бакыт берсин
@user-ev4pm9eg1w
@user-ev4pm9eg1w День назад
Ии эже сиздин жашоонуз Бир кыйын болгон экен,абдан мыкты айым экенсиз,
@gulandaakunova5796
@gulandaakunova5796 3 дня назад
Сайпидин менен Мирлан силерге эн биринчи чын ден-соолук,уй-булоолук бакыт,ынтымак тилейбиз!!! Экоонор тен Чикагодогу эн ыймандуу,сыйкор,кичипейил балдардын катарында журосунор. Кыргызстан менен Американын ортосундагы кызыл копуро болуп,ишинер ге ийгилик,ар дайым элдин керегине жарап аман-эсен болгула👍🤲🏻🤲🏻🤲🏻🙏🙏🙏❤️❤️❤️
@nursultantemirbekov5956
@nursultantemirbekov5956 День назад
Аябай сонун маек болуптур ,кыргыздын ушундай ишкер, элиме дагы кандай жакшылык кылсам деп элди ойлогон эр азаматтары кеп болсун. Ишиниздерге ийгилик каалайм!!!
@ruslankadyrov4281
@ruslankadyrov4281 13 дней назад
11:31 Менин жашым 32де. Москвада аялым менен мигрант болуп журуп орус жарандыгын алууга саналуу кундор калганда, аялым экообуз кенешип Сайпидин аке айткандай 1.биз ал жакта 50 жыл жашасакда ботонбуз. 2.балабыздын тарбиясы, кыргыз экени козунон эле байкалбаса калганы орус сыяктуу болоорун коруп сездик. Кечке 4дубалдын орттосунда камалгандай болуп балдарга кыйын, телефонго кирип кеткен , жаш балдарга кыйын, ата энеси иштеш керек. Чечимге келип кайтууга , баарын нольдон баштоого оз жерибизде бутка туруу, элибизге мекенге пайдабыз тийишине аракет кылалы дедик. Аялым мени колдоп жанымда болду. 2023 жылдын Апрель айында кайтып келип анализ жургузо баштадык, жер коп баары эле дыйканчылык менен аракеттенет эмеспи айылда. Бирок копчулук озу учун гана уйбулосуно жетиштуу гана алектенет. Терен ойлоп эгер ушул жер иштетууго кирсем дыйкан эмес Фермер болуу кажет экенин. Обьем менен коп жерге жол ачыларын кордум. Акыркы убакта бизде ягодаводсто ото каттуу пропаганда болуп ататко. Ушул сфераны коройун деп бирок аздан баштап бул нерсени ичинен коройун дедим. 70минге кочот алып тигип , арада коп окууларга семинарларга ,талааларга чуркап коп катаалардын алдын алууга жетиштик. Жазы менее талаада инилерип аялым менен копченный болуп кеттик😅 . Аялым шаарда чонойгонуна карабай мен менен жарышып чок каптарды желкесине ташып колдогун коруп конулум кокко жетет эле. Ошондо ийгилик биздики болоорун коруп турчуумун. Августта 60 сотых аянтка кобойушо алдык. Карыздар да кобойуп келаткан. Эптеп жазгы момого жетип алсак деп кутчуубуз. Тушубузго да кирчуу кулпунай, кышында да окуутуу курстарга барып билим алып профессионально жандашканга аракет кылдык, себеби билет элем бул жон гана башталышы . Майга жетип момосун терип баштап кубантырды, мы это сделали деген ой толкуп ташып атты. Баткен облусунда чон обьемдо жетиштиргендердин катарына кошулуп билбегендерге уйрото да баштадык. Карыздарды кайтарып ашканына жук ташуучу машына алдык ал да болсо кийинки этаптагы планыбыздын бир болугу. азыркы кезде Бишкекте билимимди ашырып окутууларда журом. 10-15 га аймакты иштетсек , элди иш менен камсыз кылсак аз болсо да биздин гериондо биринчи орунга чыксак жана Кр ны момо жемитер олкосу кылсак деген максатыбыз бар. Ал учун эч кандай тоскоолдук жок деп билем. Эгер азыркыдай болуп ата энем, инилерим жана аялым ишенип ынтымакта колдошсо баары колдон келден. Аларга чон ыраазычык айтат элем бар болгондору учун. 70минден башталган иштен 1млн ашуун киреше таба алган силердин коруучунор.
@user-zc3py1ec6d
@user-zc3py1ec6d 10 дней назад
Азамат,бар бол иним,акылдуу эстүү меенеткеч экенсиң,эл эмгегин жер жебейт дейт,акыбетин көр.эн туура иш кылгансың, балдарыңдын келечегин ойлоп.балдар орусташып кетсе,ким болуп жаралган эли жерин унутса, маңкурт болуп калганы ошо да.анда күнөөнүн баары ошо тарбияны берген ата энеде да,анда бала чоңойтуп эмне кереги бар.рахмат иним акылына.элим жерим деп күйгөн жүрөгүнө.уй бүлөңө терең бакыт каалайм.
@jeki84815
@jeki84815 10 дней назад
Азаматсың тууган 🤝✊🫂
@marleskadyrov2951
@marleskadyrov2951 8 дней назад
Ишиңиз илгери болсун
@user-yd1lk8lf5e
@user-yd1lk8lf5e День назад
Ааламга жол айылдан башталат дегендей айылда коруп жатам бул талкууларды.Аллах ыраазы болсун жигиттер!белек албасак деле коп кеп-кенеш алдыкко рахмаат!!!
@user-no3kd7zq8d
@user-no3kd7zq8d 3 дня назад
Абдан жонокойлугу жакты, адамдык сапаттарды акчадан дагы бийик коюп, оор кыйынчылыкдарды женип, умут узбой акырына чейин чыдап мына азыр эн сонун ийгиликтерди жаратып олтурат экен Сайпидин мырза. Мындай инсандар менен абдан сыймыктанам жана сизден дагы чоон мотивация ала алдым. Себеби чынында иштейин десен жакшы жумуш жок, Кыргызстанда айрыкча госжумуштар сокращение болуп жатат (озум Минфин КР иштегем, 2 дипломум бар) кичине бизнес ачсам, онуктуруу абдан кыйын барып эле акчага такалып калат экен. Ошого ар дайым Жаратман подкастын коруп умутумду жандырып турам. Чон алкыш сиздерге🙏
@Jinek_Ulanbekova
@Jinek_Ulanbekova 9 дней назад
Омурумдо коргон эн таасирдуу подкаст болду. Мага азыркы учурда ушул создор, ушундай мотивация жетишпей жаткан. Эми жаны дем менен кайра озумдун чакан бизнесимди кайрадан баштайм Жартманга жана Сайпидин байкеге ыраазычылык. 🙌
@GulNazaralieva-ey5ty
@GulNazaralieva-ey5ty 3 дня назад
Сайпидин мырзага ишине ийгилик баракелде кудайым ыраазы болсун, жаратман корсотуусуно чоон рахмат ушундай инсандарды дагы коп чакыргыла ишинерге ийгилик
@user-uv5yi6ps7i
@user-uv5yi6ps7i 6 дней назад
Эн негизи окуш керек дегенин мага абдан жакты.Акчага кызыкпай билимди унутпаганын.Биз дагы кыйналганыбызга карабай балабызды чет олкодо окутуп келебиз.Ушунчалык басып откон жолунду угуп,акыры жеткен мээнетине сен татыктуу жигит болупсун деген чечим кабыл алдым.Соз жок,,😊❤
@user-bf8jk5fc4j
@user-bf8jk5fc4j 16 дней назад
Сайпидин сенин берген маэгин аябай журокту толкундантты, эн биринчиден ата-энеден алган таалим-тарбиян, адамгерчилигин ботон жерде да журсон ыйманын менен болуп, бут кыйынчылык, сыноолордон отконун жаштарга позитив болду го дейм,ал Эми азыркы жаштарга же Америкага барам деген инсандарга алтындан да кымбат кенештерди айтып билген-коргон тажырыйбан менен ичи тардыгын жок Эле туура кенештерди айттын. Менин билимим аз болуп калды деп кейибе, сенин ошончолук жылдардагы иш устундогу практикан, сыноолорун Эле канча жыл билим алып, кайра дагын экинчи жолу жогорку билим алгандардан да жогору болгондой эле. Мен Аны сенин чон компанияларды ачып, аларды иштетип, канчалаган ири ишканалар менен келишим тузуу, алар менен туз алакада болуу бул да билим. Мирлан экоонорго ийгилик каалайм! Кыргызстанда да иш баштаганынар да зор эмгек, бир чети ал жакта калып кетпей, жакшы жышаан менен келгенинерге мен да аябай кубандым. Ал Эми жаратман корсотуусун алып барып жаткан Урмат Насыкуловко терен ыраазычылыгымды билдирем, ар бир подкасты коргон сайын кубантат, коз жаш чыгат кубанычтан. Кыргызстаныбыз онуго берсин, ушундай жаратмандарыбыз коп болсун!
@TV-dp1ct
@TV-dp1ct 14 дней назад
😊😊😊
@aliyakubanychbekova9729
@aliyakubanychbekova9729 День назад
Посмотрела подкаст от начала до конца,получила очень нужную и полезную информацию об Америке. Собираемся через год в Америку по гринкарте,думали открыть какой-нибудь бизнес там,и судя по тому как гость рассказал о своих фейлах,и фейлах других,сделали выводы и начали думать и планировать другое😁 спасибо большое! процветания бизнесу sam express и моему любимому подкасту Жаратман!🎉
@user-bz4ok7iu1p
@user-bz4ok7iu1p 5 дней назад
Азаматсын Сайпидин! Сиздей жаратмандар көбөйсун! Урмат сизге дагы ийгилик,ушундай сонун Жаратманлэндиянын инсандардын чакырган үчүн!!!!!
@nazgultadjibaeva8421
@nazgultadjibaeva8421 17 дней назад
Айфон 15😍мага эң керек болуп жаткан телефон🥺 4 метр кездеме менен бизнес баштап 4 ай ичинде 3 рулон алганга жетиштик эжем экөөз балдарыбыз менен👩‍👦‍👦алга жылуудабыз алдыда чоң максаттарыбыз бар🥳 Бир канча жылдан кийин бизда сиздердей болуп история айтабыз иншаАллах🤲 Ар бир историяны көргөндө күч кубат алып,алдыга умтулам өзүбүздү элестетем менда маанилүү учурларды эстен чыгарбай айтам башкаларга сабак болот экен деп😊
@aliassbusy
@aliassbusy 9 дней назад
Айфон 15 муктаждык эмес, роскошь
@user-iq8hb9im2g
@user-iq8hb9im2g 5 дней назад
Кыргызстандын кичинекей айылынан чыккан,Америкада оз ордун тапкан кыргызстандын чыгаан мырзасы,соонун подкаст болуптур бир дем менен угуп чыктым,иштеринизге ийгилик.
@user-vj5fv5sx1v
@user-vj5fv5sx1v 5 дней назад
Бул жашоодо таза жолду танда , Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга, Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп, Эмгегиңди элиң үчүн арна . Деп Акбар Кубанычбеков жазып кеткендей эмгегиңиз кыргызстанда өркүндөй берсин .
@user-kc3te8ql6d
@user-kc3te8ql6d 5 дней назад
Бар болгула, бир болгула кыргыз элим. Биздин кели-уул да АКШ на кеткен. Аларды эстегенде жүрөк тыз деп кетет. Аман болушса экен деп. Сайпидин сендейди : Эл уулу десек жарашат. Дагы да ийгилик каалайм
@bekturahatjanovich5977
@bekturahatjanovich5977 17 дней назад
Сайпидинди мен лично тааныйм(Manas Expresste трагын айдап иштеп калганмын)Адамгерчиликтуу, жаман оюу жок, колдон келген жардамын аябаган жакшы жигит. Ишинерге, компаниянарга мындан ары осуп онугушуно тилектешмин! 👍🏻
@user-eq1wd3cj1t
@user-eq1wd3cj1t 16 дней назад
Эгер ушул жазган комментариим эн коп лайк топтоп, Сайпидин агай айткан айфон 15ти утуп алсам, анда бир адамга бекер Куран окутканга даярмын, анткени озум Курандан сабак берем ❤
@jeki84815
@jeki84815 10 дней назад
Аллахым тилегиңизди орундатсын 🤲
@jeki84815
@jeki84815 10 дней назад
Ушул сөздүн (ниеттин) баалуулугун билгенде миллион лайк да аздык кылмак аттиң 😢
@Chek55555
@Chek55555 7 дней назад
Айфон утуп алыныз 👍👍👍👍👍🫂
@user-ff3xn1qo9f
@user-ff3xn1qo9f 6 дней назад
Айфон эмне кереги бар ,Колунуздагы Алтындын баркын билиниз ,Мен Куран Окуй албай журом ,Аллахым Сизге Куран окутуу ийгиликтин баарына жетиниз мени туура тушунсонуз
@user-fk8mu1lh2l
@user-fk8mu1lh2l 4 дня назад
Мен азыр Европада иштеп журом ,ушул жакта иштеп журуп жашоого болгон коз карашым озгоргон .Сайпидин байкен беркен кенештерин угуп дагыда теренирээк ойлонуп жашомду озгортоп деп чечтим. Сиздерге рахмат
@user-um3di9ky1l
@user-um3di9ky1l 5 дней назад
Менинмче Сайпидин ага Америка жонундо абдан жакшы Жана пайдалуу маек куруп берди. Мен абдан канаттандым
@user-vj5fv5sx1v
@user-vj5fv5sx1v 5 дней назад
Саламатсыздарбы Сайпидин байкебизге ийгиликтерди каалайбыз . Кыргызстанга дагыда болсо чоң бизнес ачып , ийгиликтерди жарата бериңиз . Жаратман подкас га дагы ийгиликтерди каалайбыз . Чет мамлекетте иштеп жүргөн мекендештерге дагы ден соолук жана ийгилик каалайбыз . Кыргызстанга аман - эсен кайтыңыздар . ❤❤🎉🎉
@user-xl7kj2ny5v
@user-xl7kj2ny5v 11 дней назад
Мен да Сайпидин байкенин жашоосунан откондой болдум угуп олтуруп,ыйлап да алдым. Сиздей патриот адамдар бар экен Кыргызстан дагы да болсо онугот. Ийгилик!
@bayastanbekkubatov1656
@bayastanbekkubatov1656 16 дней назад
Азыркы учурда Америкада ишкана ачып, Кыргызстандан барган мигранттарга чоон жардам кылып жатышкан биздин мекендештерди биздин окмоттун партнерлору деп эсептейм! Анткени биздин экономикага канчалаган чон жардамдар болуп жатат. Ишине ийгилик Сайпидин кыргыз элинин өнүгүп өсүүсүнө салымынарды кошуп жатканынарга, дагы коптогон бийиктиктерди багынткыла! Менин дагы бир өкунучум бар, убагында Америкага барып иштеп калбагыныма!
@user-nq3nf2kk8p
@user-nq3nf2kk8p 5 дней назад
Молодец Сайпидин иним кудайым колдосун. Ж-Турмуш алга
@Azamattls
@Azamattls 16 дней назад
Эн жакшы маек болуптур тилегибиз СЭМ экспресс компаниясы америкадагы номер 1 трак компаниясы болсун ал эми Jaratman podkast кыргызстандагы эн мыкты подкаст
@bakytkadyrbekov6440
@bakytkadyrbekov6440 3 дня назад
Талбаган мээнет, талыкпаган эмгек татыктуу ийгиликти жаратаары талашсыз. Кыргыздын уул кыздарынын ийгиктерин коруп озум да дем куч алып олтурам. Оно бергиле осо бергиле Кыргыздын ийгилик жаратуучулары жана жаратмандары!
@malvina89talantbekova22
@malvina89talantbekova22 9 дней назад
Үмүтүң өчүп алсырап баратканда ушундай патриот байкелерибиз бар экени дем, күч берет! Эң башкысы ден-соолукта болуңуз! Соонун маек болуптур, соонун кеңештер, тажрыйбаларыңыз айтылды 🙌🙌🙌
@bakytishem
@bakytishem 3 дня назад
22 жаштамын,азыркы жаштыгымдын жолу,ушул Сайпидин байкеникине кудум окшошуп журуп жаткан кези. Кыйынчылыксыз эч качан ийгилик келбээрине,узак мээнет керектигине козум 100% жетти, «так что» проблемарга сынбайлы,сынганга эмес чечкенге баш которолу!
@user-eb6cy1ls2e
@user-eb6cy1ls2e 5 дней назад
Бул интервьюну корупатып мага Салам Нью-Йорк тасмасы эсиме тушуп олтурат. Адамдын башына эмнелер кана келип кетпейт,эмнелер кана болбойт ,сиз озунуздун аракетиниз менен ушунча ийгилике жетишип олтурасыз АЗАМАТСЫЗ✊🏻Канчалаган кыргызды жумуш орду мен камсыздаптырсыз.Жаратман подкастынын ар бир чыгарылышын чыдамсыздык мн кутуп коромун.Мен да буйруса бир кыргыздын керегине жараган кыздардан болуп.Ушул жерде озумдун башымдан откоргон, ийгилике жеткен жолумду айтып отурсам деп озумо максат койдум! Кудайым ошол кундорго жеткирсин.
@jyrgalbekomurgazyuulu5012
@jyrgalbekomurgazyuulu5012 3 дня назад
Адам бактылуу болушу учун жерди озгортуп эмес озу ичинен озгорушу керек турбайбы 👏🏼👍👍👍
@user-cz8yt8od5n
@user-cz8yt8od5n 12 дней назад
Ассаламу алейкум Сайпи, менин атым Руслан Ат-Башыдан болом, өзүң жаш болсоң да, кичинекей өмүрүңдө башыңан далай нерсе өткөрүпсүң, бул видеону көрүп надёжный адамдар да бар экени өтө сүйүнтүп, кубандырды, Сага жана Силердин компанияга кааларым көптөгөн биздин жардамга муктаж мекендештерибиздин бактылуу өмүр сүрүшүнө, мекенине ак кызмат кылып пайда алып келишине жана алардын үйбүлөсүндө берекелүү жашоо, ыңгайлуу шарттар түзүлүшүнө себепкер болуп жүрө бериңиздер, силерди Кудайым жаман сөздөн, жаман көздөн, жаман ойдон, карызга батып калуудан, жалкоолуктан, сараңдыктан жана адамда болгон көп жаман сапаттарды кылуудан сактасын деп Чын дилден мекендешиң Руслан.
@RizaAbdyrasul
@RizaAbdyrasul 11 дней назад
Амиинь
@ruslanruslan5659
@ruslanruslan5659 17 дней назад
"Мен кайда жүрбөйүн , жүрөгүм ушул тоолордун арасында" деп Абдылдабек айткандай, кыргызстан үчүн күйгөнүң билинип турат 👍.
@aidadjeenchoroeva5859
@aidadjeenchoroeva5859 10 дней назад
Ассалям Алейкум!!! Кыргыздын чыныгы жаратман жигиттери. Мыкты чыгарылыш болуптур, чын журоктон аягына чейин уктум. Алга кыргызымдын жаштары👍👍Кооп жаштарга жакшы кенеш болду, ушундай жакшы инсандар бар учун дуйно сакталып турат. Ар дайым ишеним учун иштеген мыкты мырзалар кооп болсун. Ийгилик жана ийгилик🎉🎉🎉🎉
@user-ny8cf6jk7m
@user-ny8cf6jk7m 16 дней назад
Көрүп кубанасынго мекендешибизге!!! Алга,алга, алга, Кыргыз элим.
@Pe_rm
@Pe_rm 16 дней назад
"За каждой тягостью наступает облегчение" говорил пророк Салих (мир ему). Сколько не было бы трудностей, нужно смело идти вперед. Ты не знаешь что будет завтра, послезавтра, надо думать позитивно и верить в чудо. Вы большие молодцы ребята. Продолжайте дальше делать контент, этот подкасты подтолкнет многих людей на веру и силу воли. Алла разы болсун 😊
@user-di5qm5jk4u
@user-di5qm5jk4u 13 дней назад
Мен өзүм башталгыч класстын мугалими болуп иштеймин. Телевизордон көрүп башынан ,аягына чейин,бул баланын мектепте окуп журүп бизнеске кызыкчуумун звачкилерди алып келип,класста менден эле алгыла деп сатчуумун деген жери аябай жакты.Сөз менен айтыш оңой,бирок иш жүзүнө ашырыш өтө кыйын. МЕН аябай сүйүндүм биз окуткан балдар ушундай кыргыздын кыраан жигиттери болгонуна.Дагы да ишине ийгилик каалаймын Сайпидин!!!
@user-ti5vj6pz7q
@user-ti5vj6pz7q 16 дней назад
Абдан сонун маек болду. Бир дем менен көрдүм. Ар бир кыргызда, Табылды Эгембердиевдикиндей жана сиздин иниңиздей ат токуру болсун! Ушунчалык жумуш орундарын түзүп берип, өз жанын эмес, эл баккан, кыргыздын жаратман уулдарынан болуп жүрө бериңиз!
@user-zr6rv1ew7e
@user-zr6rv1ew7e 6 дней назад
Сайпидин менин классташым. Мектепте да ото аракетчил, жонокой акылдуу болчу... Молодец
@gulumgulanabieva3821
@gulumgulanabieva3821 11 дней назад
Мен негизи ушундай тагдырдын татаал жолун коруп камчыланып кыйын кундорду коруп ийгилике жеткен адамдарды ушунчалык баалаймын ... Менда озумду бир кун ушундай бизнес леди болуп маек берип жатканымды элестете берем...же бала мн уйдо олтурганда ушундайлар козуно башкача корунуп журогундон башкача жай алабы замандан артта калып кеичудой сезе берем бирок энелердин ээн чон жумушу балдарга тактыктуу тарбия беруу Ишинизге ийгилик. Аман болунуз 14 жыл жашап журсонузда кыргыз жыттанып кыргыз бойдон калыпсыз.. Алып баруучуда соонун иш алып барасыз Суроолорунузда маанилуу маныздуу. Ийгилик баарынарга Аллахым эки дуйно бактылуулугун берсин. Дуйнодо тынчтык болсун
@bmamatkdyr
@bmamatkdyr 17 дней назад
Машаллах. Сиздерди Кыргыздардан чыккан unicorn компания болуунуздарды каалайм жана Кыргыздарды ушундай чоон иштерге туртуп жана мотивация берип журо бериниздер.
@KyrgyzGigachad
@KyrgyzGigachad 17 дней назад
unicorn деген эмне?
@bmamatkdyr
@bmamatkdyr 17 дней назад
@@KyrgyzGigachad Жонокой соз менен айтканда эгер компаниянын баасы 1 миллиард доллардан ашса unicorn деп атап коюшат.
@user-sf7kb3xn4k
@user-sf7kb3xn4k 16 дней назад
Жаратман подкасты өтө маңыздуу жана кадимки булактын көзүн ачкандай таасир калтыра турган көрсөтүүлөрдү сунуштап жатасыздар. Дайыма ар бир жаңы чыгарылышты күтүп көрүп жатабыз. Чындыгында 400 адамды жумуш менен камсыз кылуу бул жакта калсын жалгыз кара жанын же үй бүлөсүн бага албаган жарандарды көрүп жаткан коомдо жүргөн биз үчүн өтө чоң секирик,чакырык болду дал ушул подкаст. Аккан арыктан суу агат дегендей дагы деле кыргыздын тамырында кайнап турган кызыл каны үстөмдүк кылып, намыс үчүн жанталашып эл алдында, жанын үрөп эмгектенүү сезими жашаган жаштардын бар экендиги абдан кубандырат. Демек , саамалык боло турган агасы бар кыргыз уландардын келечегинин бүлбүлдөгөн шооласы дагы деле өчпөй андан ары улантып кетиши дал ушундай жаратман жигиттердин бар экендиги менен байланышкан!!! Алга кыргызымдын жаштары!!! Анан да айта кетүүчү нерсе ата энесинин колдоосу бала үчүн чоң сүрөөн экенин баса белгиледи. Баламдын бардык баштоолорун колдоого үндөп кеткенин таң калып кабыл алдым. Бизде бир жолу жаңылса болду деп чоң мөөр басылып колунан эч нерсе келбейт деп коё калмай адатыбыз бар экендигинин үстүндө иштөө чечимин кабыл алдым 🎉
@qw8161
@qw8161 17 дней назад
Уй булоосу менен сыймыктанса болот. Эн сонун адамдар!!!
@bmamatkdyr
@bmamatkdyr 17 дней назад
@budni_001
@budni_001 10 дней назад
Ушундай чыган байкелеребиз коп болсун,анын артынан силерден биз сабак алып жолунарды улайлы , буюрса Кыргызстандын келечеги чоон 🤲
@adiletsatkeyev9915
@adiletsatkeyev9915 17 дней назад
Ишенимди сактаганга аракет кылып, ийгилике жеткен Азаматтар!
@AiZh-xf2lz
@AiZh-xf2lz 2 дня назад
Молодец!Ийгилик каалаймын.Мага эн жаккан жери подкастта бул баланын иниси жакты акча деп бербей озум уй булоом десе болмок.Жок бирок байкесине ишенип акчанын козун карабай ищи кылып таазим кыламын, ошондой кишилерге.Мен да 14 жашымда озум кеткемин РФ ге.Азыр 35 тен аштым иштедим кыйын кундор коп отту 3 бала тороп бактым бизнестерди ачтым банкрот болгом менин да эжем келип каанча жылдап иштеген акчаларын мага берген,эжеме да таазим этемин,дайыма журогумдо ❤колуман келсе коколотот элем эжеми.Телефону жок азыр ,видео жонотсом коро албайт байкушум ,ачпай атат обновите деп атат деп.суротуну жонотуп койчу сени корсом болду айтып эле бер дейт видеодо эмне бар деп😅.айфон утсам эжеме берер элем.Эжеме утсам айфон озум байып ошол айфонду эмки жылы башка бироого белек кыламын🙏Анан бизде аялын уруп бетин сыйрып кулагын жулган эмес ушундай аялымын номерин алып койдум деп кыжаалат болуп аялдарынан до слез уялган эркектер коп болсун 🙏Ар бир адам тилегине жетсин🤲🏻
@AlgaKyrgyzstan996
@AlgaKyrgyzstan996 17 дней назад
Кыргыздар кай жакта жүрбөсүн: эң башкысы ден соолукта, ийгиликтүү, иштери жакшы, үй бүлөсү аман эсен, өз ата энелерине кайрымдуу, элине берешен болсун. Алга, жаратмандар! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-el6hy2lb8i
@user-el6hy2lb8i 17 дней назад
Сайпидин мырза чыныгы жаратман мырза экен,абдан мыкты подкаст болуптур,силердей жаратмандар менен сыймыктанабыз,менин уулум да силердей кыргызымдын чыныгы жаратман мырзасы болуусун жаратканым насип кылсын деп тилеймин,чон рахмат ,ийгилик каалайбыз.
@AseSad-ll5um
@AseSad-ll5um 16 дней назад
Сайпидин менин жердешим бир айылданбыз. Кичинекейинен аябай тырышчаак бала болчу,озу айткандай шаардан балмуздак майда чуйдо алып барып айылга сатчу. Ишине ийгилик мындан да бийик ийгиликтерди багындыр
@user-xg6od5fm3x
@user-xg6od5fm3x 13 дней назад
Кайсы Айылдан болот?
@user-ue2vx3xt1d
@user-ue2vx3xt1d 13 дней назад
​@@user-xg6od5fm3xЖаны турмуш деген айылдан болот Кара суу району
@user-ev4pm9eg1w
@user-ev4pm9eg1w День назад
Абдан мыкты падкас болуптур,Жаш болсода аракети менен Кооп ийгилике жетипсиз,озумо жакшы кенеш алдым,Рахмат сиздерге
@nazi00952
@nazi00952 15 дней назад
Кыргыз уулу болуп Ийгилик жаратыш учун копакча же тууган, тааныш кереги жок экенин азыркы жаштарга далилдеп койдунуз. Бар бол Сайпидин! Ата-энене таазим! «Аялын жакшы болсо хан болосун,балдарын жакшы болсо бай болосун «
@ChyngyzAsatildaev
@ChyngyzAsatildaev 7 дней назад
Мыкты подкаст интервью болуптур. Чон кыйынчылыктын артында чон ийгиликтер турганы бир чон мисал болду .👍🏻👍🏻👍🏻
@user-tt2od8wb6e
@user-tt2od8wb6e 16 дней назад
"Жоктон барды жараткан - Жаратман" демекчимин! Сайпидин мырза менен аябай мыкты баарлашуу болуптур! Чыныгы Жаратман экени корунуп турат. "Адамдын эн кыйыны- күн сайын адам болуу"- деген соз чыныгы сизге тийешелүү экен. Канча кыйналып турсаныз дагы адамдык касиетинизди жоготпой, адамгерчиликтүү кадамдарга барганыңыз жакты! Кудайым тилегинизди берсин! 40 жашка чыгып Мекенибизге кайтып келип, жакшы бир Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошооруңузга тилектешмин!
@syrgastalbekova5248
@syrgastalbekova5248 7 дней назад
Ассаляму Алейкум! Мен бул поткасты көрүп жатып. Жакшы адамдар күн сыяктуу Жарыгын унчукпастан чача берет-деген созго ишендим. Канчалык илимдүү билимдүү адам экениниз көрүнүп турат. Жүрөк таза болгондо гана тилден кооз сөз чыгат" дейт. Сөз - адамдын адамкерчилиги менен паам парасатынын күзгүсү. Сөз -жандын азыгы. Тилибиз ушундай жакшы сөздөрдү айтуудан кургабасын деп тилейбиз. Аллах оозубузга тек гана жакшы сөз салсын. Ишинизге ийгилик дагы да коптогон ийгиликтерди жарата бериниз. Мен эки бала менен уйдо олтурган декреттеги келинмин сиздин сөздөрүңүздү угуп абдан таасирлендим. Менин баламда сиздей мыкты инсан болсун! Биздин кичинекей жаш үй-бүлөөбүзго сиздин белек буйрусун!.😊
@sapariskenderov8639
@sapariskenderov8639 16 дней назад
Азаматсың, Сайпидин мырза, иштериң иргерилей берсин, Америкада жашаган миллиардер бол Кыргызстандан чыккан ,✊
@user-hx3pp9or7y
@user-hx3pp9or7y 8 дней назад
Сайпидин байке ото жакшы жетекчи, ар бир драйверге (шопурга)кылдаттык менен мамиле кылат! Ишинизге ийгилик! Уйбулонуз менен тынч болун💪👍
@user-gy3vd9sr3z
@user-gy3vd9sr3z 17 дней назад
Азаматсын,У.Салиеванын бутуруучулору ушундай азаматтар.Силер менен сыймыктанабыз.
@user-fz4ct4im1y
@user-fz4ct4im1y 13 дней назад
Уулум өтө кызыктуу баарлашу болуптур.,,Саргара жортсоң,кызара бөртөсүң,же,,Сабырдын түбү ,сары алтын",- дейт элибизде.Сенин көз жашыңды көрүп,эне катары жүрөгүм ооруп кетти,бирок сенин сүйлөгөндөрүңдү бүт аягына чейин угуп,тарбиялуу бала экениңе жүрөгүм сүйүндү.Келечегиң кең болсун,өмүрүң узун болсун.Кыргыздын сендей балдары көп болсун.
@user-hi3mc4eo3j
@user-hi3mc4eo3j 15 дней назад
Сайпидин мырза , чынында абдан мыкты экенсиз! 💪 Ушунча кыйын жолдорду басып өткөрүптүрсүз.😒 Тажадым, болбойт экен деп колду шилтеп басып кетпестен, чөгүп, сынып кыйналса да алдыга умтулуп өзүнө болгон ишеними мага абдан жакты! Сайпидиндей күчтүү,чыйрак, көрөгөч даанышман болгон Кыргыздын уулдары көп болсун! Ата- Энеси колдон, буттан алып, басып турса да батасын беришкен экен! Өзгөчө азыркы жаштарга жол көргөзүп, билим алгыла, шашпагыла деген сөздөрү абдан жакты! Кичинекей айылда, кичинекей мектепте окуп өскөн баланын турмушун бир дем менен көзүм, кулагым ачылып угуп отурдум! Ушунчалык мотивация берген эфир болду. Сайпидинди кармап турган улуу күч , бул өзүнө болгон ИШЕНИМ! ЖЕРДЕ ЖАТКАН ЖУМУРТКА АСМАНДАГЫ УЧКАН КУШ БОЛОТ!💯 Чыныгы Жаратман! 💫 Йгилик!
@user-rp7qc1ij6i
@user-rp7qc1ij6i 16 дней назад
Сайпидин Мирлан кыйын жигиттер экенсиздер, чың денсоолук узун өмүр каалайм! Кыргызстан үчүн күйүп атканыңар көрүнүп турат. Бизнесиңер өнүгүп өсө берсин 🤲🤲🤲🤲чын жүрөктөн 🫀🫀🫀🫀
@youtubechannel-es6ss
@youtubechannel-es6ss 6 дней назад
Мага курс керек. Лайктан баскыла. Курсту Мен утушум керек!
@user-fh4kz9zg3y
@user-fh4kz9zg3y 4 дня назад
Сайпидин байкенин омур жолу аябай кызыктуу экен. Достукта эн биринчи Ишенич дегени таамай айтылды. Мен дагы ординатурамды Америкадан отосом деген максатым бар. Ишинизге ийгилик, оркундоп осо бериниз✊🫶. Жаратман -эн мыкты подкаст!!!
@user-fe8eh2nq4m
@user-fe8eh2nq4m 8 дней назад
Жаратман Эн пайдалуу,кызыктуу подкаст👍🏻👍🏻
@user-wj7kj8qt5j
@user-wj7kj8qt5j 9 дней назад
Билим жана илим алуунун коп жолу эскерткени жакты. Диспетчерлерден тышкары, КРда туруп Америкалыктар менен иштешип, ошол жактагы айлыктарды тапкан гид-котормочу уул-кыздарыбыз бар. Алар Америкалыктарды КР боюнча кыдыртып, ички экономикабызга сонун пайда алып келишет. Азыркы кылымда билимин жана таланттарын озу жашап жаткан мезгилдин жана жердин муктаждыктарына жумшап, коомго пайда алып келсе, ал киши эч качан кем болбойт, туугандар. Сайпидин акенин жашоо таржымалы биз учун мыкты мисал. Инсан финансалык стабилдуулукко жана орто-чон ийгиликтерге жетуусуно убакыт, сабр жана эн маанилуусу “ишеним” коп керектигин дагы бир жолу эстейлик. Бул подкасттын мейманына ачык-айрым, толук болушуп суйлоп бергенине чон ыраазычылык!
@user-qi2oh8do8l
@user-qi2oh8do8l 9 дней назад
Жаратман подкаст эң сонун эфир экен! Мага абдан жакты. Ар бир чыгарылышта сөзсүз пайдалуу, керектүү, мыкты инсайттарды алабыз, бизге чоң мотивация берип, алдыга карай максатыбызга умтулдурат❤ Сайпидин байке ыймандуу, адамгерчидиктүү, жөнөкөй, адам экен. Аллахым баардык жакшы тилектерине жеткирсин! Ушундай патриот адамдар көп болсун! Ишиңиздерге ийгилик!!! Аллах ыраазы болсун!!!❤❤❤
@user-io5jc1bh2p
@user-io5jc1bh2p 3 дня назад
Сени тарбиялаган Ата энене рахмат
@user-vr6ci3mu8f
@user-vr6ci3mu8f 3 дня назад
Азаматсыз ийгилик майда кадамдан башталат суктандым биз да мигрант болуп бала чаканы таштап коп журдук шугур уй жай кылдык бирок атабыз дагыле мигрант тапканын чогултуп бутпогон курулуштарды бутуруп балдар мн уйдо отуруп калдым баарына шугур бирок балдарга ата тарбиясы керек экен батырак келсе деп кутобуз.
@OKON77
@OKON77 17 дней назад
Мен бардык чыгарылыштарды көрөм аябай чоң сабак болот мага рахмат сизге аябай жакшы чыгарылыш жаратман болгум келет мен дагы
@user-tg8gf8br5u
@user-tg8gf8br5u 5 дней назад
Кудайым буйруса болгон кучум менен балдарымды инимди окутам
@zhazgulnurdinova574
@zhazgulnurdinova574 9 дней назад
МашАллах, ар бир сөзүндө Кудайга шүгүр келтирип жатты. Аллахым мындан ары да иштериңиздерге чоң ийгиликтерди насип этсин 🤲🏻
@AizhamalRuslanova
@AizhamalRuslanova 16 дней назад
Жаратман подкастын дайым кором. Азыр декретте отурганда, эмне жумуш баштасам деп изденип жаткан учурум. Сайпидин аке аябай аракетчил, тайманбас киши экен. Сиздин маегиниз мага чоон пайдасы тийди. Рахмат сизге кенештериниз аябай баалуу болду.👍👍👍. Аллахым колдосун🤲🏻 Келечекте Кыргызстанга келип , Кыргызстандын ЭҢ АЛДЫҢКЫ 100 бизнесмендин катарында болушунузду каалаймын. Жана бизге дагы насип кылсын.🤲🏻
@AselShukuralieva
@AselShukuralieva 6 дней назад
Сайидин байкебиздин башынан откон окуяларын айтып бергенде, бул окуя менен паралельно менин окуямдай сезилди. Ата энем, бир туугандарым айткандай эн башкысы окууну бут деген созду байкебиз да, айтып отту. Бир нерсени баштарда ал иштин башынан аягына чейин изилдеп,окуп уйронуу керектигин айтып отту. Буюрса мен дагы бул жашоодо оз ордумду тапкым келет. Негизи бир жумуш баштаган эн оор, бирок баштап алгандан кийин баары оной, адам баласынын колунан келбеген иш жоктой сезилет. Сайпидин байкеге ден соолук, иштеринизге ийгилик каалайм, уй булоонуз менен бактылуу болунуз. Буюрса Кыргызстан учун кызматынызды кыла бериниз. Диспетчер курстарында окугум келет. Рахмат ❤
@jhcchg696
@jhcchg696 5 дней назад
Ушундай адамдардын ийгиликке жеткенин, кыйынчылыктардан өткөнүң көрүп, ичиңде жылуу сүйүү пайда болот экен. Башкалар жеткен нерсе мен дагы жетем алам деген стимул пайда болду бүгүн менде. Каналдын авторуна жана келген конокко ыраазычылыгымды билдирем🙌🏻 ийгилик силерге.
@user-kz9if4pn6s
@user-kz9if4pn6s 17 дней назад
Ааламга жол айылдан башталат! Сайпидин аке, Кыргызстанда жаны баштоолорунузга ийгилик, келечекте кыргызды жаны бир денгээлге чыгарыныз. Эл, мамлекет, денгээлин которуучу инсан кутуп жургону анык!
@You-dt1jy
@You-dt1jy 17 дней назад
Сайпидин, Мирлан ишенерге ийгилик!!! Кыргыздарга силердин ырыскынар насип болсун. Ата-Энени сыйлап оз жолун издеген адамдар коп ийгилектер насип болсун!!!
@aijarkynimanova5814
@aijarkynimanova5814 15 дней назад
Уккулуктуу жана пайдалуу подкаст болуптур 🤩!!! Сайпидин мырза башынан откозгон тажрыйбасын "наставничествосу" жок эле туз эле коруучулор менен болушту. Билимин жана жашоодо алган тажрыйбасын акчага тенебеген, байлабаган март мырза экен👍. Ушундай мекендештерибиз коп болсун
@zarinakmc
@zarinakmc 11 дней назад
Рахмат Жаратманга, рахмат Кыргызстанды өнүктүрүп жаткан адамдарга🫰🏻🥰 ушундай сонун адамдар менен замандаш болгонума сүйүнүп турам🤗
@svetakemelbaeva5963
@svetakemelbaeva5963 День назад
Саламатсызбы Жаратман! Кандай конок келсе да коргонго аракет кылам, ошондой эле сиздер менен чогу отургандай эле болуп кетем, кээ бирде суроолор жаралып кетет, суйунсонор кошо суйуном кайгырсанар кайгырам, ыйласа коноктор мен да ыйлайм.Иши кылса сиздерди жакшы кором, кээде ой болуп кетет бизди да кошуп койсо ,жон эле жанында отурсам мен да суроо берсем минтет элем деп..... ой аябай элестеп кеткен турбаймынбы. Негизи мага Жаратман. Дагы коп конокторду апкеле бергиле,идеянар кобойо берсин, алга....
@bakytusubaliev3062
@bakytusubaliev3062 14 дней назад
Ассаламу алейкум жаратман өтө жакшы подкаст.Сайпидин инибизге ийгилик, үй-бүлөсүнө бекем ыйман,тапканы берекелүү болуң.
@user-wv3yr3cm7z
@user-wv3yr3cm7z 7 дней назад
2 Саат жылдырбай кордум э Красавчик рахмат Жакшы маалымат берипсин
@user-vh5pg9iw5f
@user-vh5pg9iw5f 13 дней назад
Сайпидин азаматсың! Ушундай кыргыздын чыгаан жигиттери көп болсун. Ишиңе ийгилик. Аллахым өзү колдосун.
@Pantera_live
@Pantera_live 6 дней назад
4 күндө көрүп бүттүм рахмат абдан кызыктуу подкаст.
@user-jh4ib9sh1m
@user-jh4ib9sh1m 15 дней назад
Кутман кун мен Мурда музыка уксам азыр ушундай подскаттарды угуп адамдардын кандай экенин ички туюмдарын угуп озумо жакшы жагын жугузуп алганга уйрондум,Айылга жол ааламдан башталат мыкты экенсиз ишиниз илгери болсун ар Бир адамдын Иши журушуп Жаратмандык кылып Эл сыймыгы болушуна тилектешмин 🎉🎉🎉🎉
@user-ej1dp5hp1c
@user-ej1dp5hp1c 4 дня назад
Ийгиликтин артында канчалаган курбанчылык, канчалаган мээнет, канчалаган тобокелчилик, Канчалаган жокчулук, Канчалаган жетишпестик , Канчалаган өмүр , канчалаган сабыр, Канчалаган көз жаш , Канчалаган мамиле, Канчалаган каалоо, канчалаган уйкусуз түндөр, Канчалаган кыялдар турат.
@skibidi446
@skibidi446 13 дней назад
Азаматсыз Сайпидин кыргызымда сиздей жигиттер кобойсун .Ата эненизге таазим сиздей уулду тарбиялаган .Аллахым омурунузго береке берсин.Менин уулдарымда сиздей сабырдуу меенеткеч жигиттер болсо экен деп тилейм Аллахтан.
@bekkultemirov3118
@bekkultemirov3118 17 дней назад
Бар болуңуз ишиңизди ийгиликтер коштосун Сайпидин мырза! Өлкөбүздө жаратмандар көп болсун! Бизде дагы сиздердин студияңыздарда болуу насип этсин Жаратмандын эмгек жамааты сиздерге да ийгиликтерди каалайм! Жөнөкөй ой пикирин жалпак тил менен жеткире алган адам экен!
@aisham3312
@aisham3312 День назад
он очень хороший человек и жена тоже прекрасная у него!!!
@aizadadanilova49
@aizadadanilova49 3 дня назад
Сайпидин агай толкунданып кетти башында бул деген эмнени билдирет бул деген жонокойлукту ,кичипейилдикти корсотот анткени ар бир эле адам ушунча ийгиликке жетсе койрондоп,чон суйлоп кээде корсондоп калат эмеспи ал эми бул адам ошол студент бала кезиндеги аяр сезимин жоготпоптур ! Азаматсыз! Ушунунуздан тайбаныз,бизге улгу болчу инсандар мына ушулар! Ийгилик баарыбызга!
@clear_light7
@clear_light7 17 дней назад
Кыргыздын жигит мырзалары, сыймыктанабыз ❤ Ийгиликтүү кыргыз, мусулман бир туугандарыбыз көбөйсүн 🤲🏽, Аллахым койгон максатыңызга жеткирсин, кыргыз элине пайдасы тийген сиздей чыгаан жигиттерибиз бар экенине сүйүнөбүз. Алыста жүрсөңүз да жүрөгүңүз Кыргызстан деп согот экен. Эч кимдин акысына кирбепсиз, анан эң жаккан сапатыңыз: Пайгамбарыбыздын айткан кеңешине амал кылганыңыз, "адамдын териси кургагыча акысын төлө"- деген. Ата-энеңиз туура тарбия бериптир. Аллахым тапканыңызга жана өмүрүңүзгө береке берсин 🤲🏽
@user-dd5fe3rt8t
@user-dd5fe3rt8t 7 дней назад
Замандашыбыз сендей ишкер Кыргызстанда кобойо берсин. Ар дайым кыргыз деп журок кагып, Кыргызстанды ар тараптан которуп,башка улутдарга да таанытып журо берели . Ушул подкастан озумо коп дем -куч алдым, уйрондум. Уй булон менен аман бол, ишине ийгилик. Дагы да коп нерселерди ЖАРАТЫП жур.
@user-gx3hx2mx6k
@user-gx3hx2mx6k 13 дней назад
Эн сонун маек болуптур ушундай беруулорду жаштар кооп корсо сиздей адамдардан улгу алса кыргыздын жигитери мына ушул жигитей болсо деп тилек кылар элем ушундай инсандарды коруп угуп ойлорун жакшы жака озгоруп жашоонун жакшы жагына умтуласын жакшы жашоого шарт тузуго чоон умут беришет ушундай жигитер дагыда кобойоберсин жана ушул программагада ыраазычылык билдиребиз бар болунуздар замандаштар.
@Aristo0895
@Aristo0895 12 дней назад
Сайпидин байкеден Аллах ыразы болсун! Мен дуа кылат элем Аллахым сизге куч Кубат берип Кыргызстандан коп ишкана ачып Кыргызстанда жумуш орундар коп болсун 🤲🤲🤲 Ар бир Кыргыз мекенге аман эсен кайталык❤️
@NietKGZ
@NietKGZ 16 дней назад
Сайпидин байкени угуп , ушул маектен бизнес тууралуу кенеш алайын деп коргом , бирок коруп отуруп озумо эн чон сабак алдым, кандай болгон кундо да ушул байкедей адам бойдон калуу эн кымбат экенин ! Жаратманга ийгилик , чон рахмат. Алла Таала баарыбыздан ыраазы болсун 🤲🏽
@user-qo5lj6lp6y
@user-qo5lj6lp6y 5 дней назад
Азаматсын Сайпидин балам! Ден-соолугун бекем, уй-булон менен аман бол!Алыста жургон мекендештерине колундан келген жардамынды корсотуп, бактылуу бологой балам!
@lemon_channel.AIKAKG
@lemon_channel.AIKAKG 15 дней назад
«Атага тен уул жана атадан артык уул» -деп ушул байкени айтса болот! Берген маекти толук кордум убактымды аябастан коп сабак алдым бизнес баштоо жана Америкага баруу тууралуу Аккан арыктан суу агат дегендей тарбия намыс биримдик эрктуулук сапаттар бар экен сизде. Jaratman подкаст сиздердин салымыныздар ото чон жаны осуп келе жаткан жаштарга Рахмат сиздерге
@user-lz8dv3zb4l
@user-lz8dv3zb4l 15 дней назад
Кандай маданияттуу, тарбиясы бийик, адамкерчилиги бийик мырза. Канча таттаал жолду басып отсо дагы сынбай алдыга гана жылган. Жеке озуно, уй-булоосуно гана эмес Кыргызстанга кандай жардам берип атат. Бар болунуз, бактылуу болунуз.🤲 Кандай аял тороду экен ушундай уулду😍 Достойный сын своих родителей🙏👍
@KOMSAQF
@KOMSAQF 7 дней назад
Ушундай адамды тарбиялаган ,остургон ата эненерге рахмат Адамдык сапаты жогору адам экен.Чынчыл,Сабырдуу,тырышчаак ,адам эмгегин жебеген калыс адамдай сезилди
@user-wz1yv9vx7k
@user-wz1yv9vx7k 16 дней назад
Ааламга жол айылдан башталат деп бекеринен айтылбаса керек.Кичинекей айылдан чыгып Американы багындырган өжөрлүгүнүзгө баа бердим.Сиздин басып откон жолунуз коп жаштарды шыктандырып, дем берет деп ишенем.Сиздин берген практикалык кенештеризге чоон рахмат Жаратман командасына да алкыш Подкастан алган сабактарым: 1) Ишеним , репутация акчадан ойдо турат 2) Адамдын эмгек акысын Тери кургай элек бер 3)Окууну эч убакта таштап койбо 4) Бизнес баштагын келсе ,ал тармакты ото коп изилде
@user-cv9ul2mx3c
@user-cv9ul2mx3c 16 дней назад
@user-oz1go2vp4w
@user-oz1go2vp4w 16 дней назад
@user-tl6zg3di3z
@user-tl6zg3di3z 16 дней назад
Туура айтасыз Жаратман 🎉
@user-cv9ul2mx3c
@user-cv9ul2mx3c 15 дней назад
Эң мыкты
@user-sr9bl2qv9r
@user-sr9bl2qv9r 17 дней назад
Саламатсыздарбы Жаратман подкасты! Ото сонун проект баштадыныздар! Ар бир подкаст мени максатыма умтулганы себепчи болуп атат. Ал максатты ишке ашырууга каражат керек болуп болгон кучумду жумшап жатам. Ал эми Сайпидин байкеге терен ыраазылык. Баштан откон оор окуяны эстеп козго жаш алганы мени да таасирлентти. Озум иш баштайм деп жургон учун аябай тушунуп чоогу козго жаш алдым. Максатыман жетууго чарчап баратканда Сайпидин байкенин создорунон кийин ичимдеги орт кайрадан куйуп чыкты. Негизи эле колунан иш келген байкелер патриот болгону ото суйундурот! Ишиниздерге ийгилик! Биздин да максат оорундалса Кыргыз Эли учун иштей турган мекеме болот буйруса! Кудайдын бир куну мени да Жаратманга чакырышат! Жаратманга ийгилик!
@Suerkul
@Suerkul 13 дней назад
Азаматсын Сайпидин!!! Ардайым Аллаа колдосун жана Уй-булоон менен эки дуйно бактылуулукту насип кылсын!!! Сендей Жигит менен сыймыктанабыз!!!🎉🎉🎉
Далее
NAME THE EURO 2024 PLAYER OR SWIM 💦
00:35
Просмотров 10 млн
NAME THE EURO 2024 PLAYER OR SWIM 💦
00:35
Просмотров 10 млн