30 жаштан өттүм.Түшүндүм чындап эле 30 жаштан кийин кол кармашкан ынак сүйүү жок экенин...Көрсө Алыкул атабыз керемет философ болсо Асанкалый агабыз укмуштуудай керемет алп композитор тура...Жан дүйнөңө дүрбөлөң салып алыстарга алып учуруп ойго батырган жашасын ушул Ыр, ушул Обон!...Бул биздин кыргыздын керемет Классикасы да өлбөс өчпөс...Алдыдагы кылымдарда да жаштар сүйүп, аздектеп угаары бышык...
Кыргыз тилин жакшы окундардын катарында экенсиз, жазгандырынызга караганда кыргыз тил, адабиятын жакшы оздоштурупсуз, азыркыларды карасаныз журогун оорутат, корком жазуу бул жакта турсун, туура жазышты билишпейт, китеп окугандар азайып баратканы окунучтуу
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтпө, мени эстебе, сагынба, Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында. Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба, Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда, Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен, Огуз жаштын улам аркы жагында. Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн, Унутулган учар замат түнөктөн. Сүйүү деген-сүйүү эмес эринден, Сүйүү деген-от чачышуу жүрөктөн. Сен бир бакча миваларың келишкен, Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен, Сүйүү деген-сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген-сүзүп өтүү деңизден. Сен бир жүзүм бышып турган мына бу; Арманда эмес, бирок сенден кур калуу; Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап, Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу. Таттуусуңар, ачуусүңар сулуулар, Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар, Канча болсо сенин жибек көйнөгүң Дал ошончо жүрөгүндө сүйүү бар. Бирок менин махаббатым бир гана, Бирок ал жок, эгер болсо ал гана? Мага ишенбе, элес кылып бардыгын, Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
Оз мезгилинин талантуу обончусу.Асанкалый Керимбаев.жайыныз жаннаттан Болсун. Адамдын жандуйносун эргиткен махабат.суйуунун кучун адамзатка мукам унунуз менен жэткиресиз.
Агайдын ырлары дененди дуркуротот анткени чын журогунон ырдайт создору обондору мундуу таатал кайталангыс талант Асанкалый агайыбыз бизге мурас кылып калтырып кетти жакшы обондоду ырларды . Асанкалый биздин журогубуздо туболук жашайт
Оо,жаштар мына нака кыргыздын кайрыгы, кыргыз даамду, кыргыз жыттанган ырлар!!! А,сөздөрүчү чиркин, обонунун төп келгеничи,үнү андан беш бетер кулактан кирип жүрөктү жибитип, уккандан такыр тажабайсың.Деге эле кыргыздын тили өзү эле таттуу го, анан да так даана угулат. Өзүң эле дөөрүп кетпесең. Андыктан жаштар УЛУУлардан үлгү ала жүрсөңөр.Эң башкысы КЫРГЫЗ элинин УЛУУЛУГУН унута көрбөгүлө, өзөктү таап нукка түшсөңөр андан жакшы. Белимчи кемпирдей көрүнгөн улутту туурабай,алар силерди туурагандай болуу керек, антке биз УЛУУ элдин урпагыбыз. Асанкалый агайдын ыйманы салават болуп,жаны жаннатта болуп, руху шат болсун. Кайталангыз талант эле. Ылайым экинчи өмүрү болгон ырлары эл ичинде көпкө жашасын.
Nurgul Kochonova:Азыркы чыккан ырчылар ушулардын ырларын ырдап наам алып жатышат,уят эле.Өздөрү тер төгүп мээнет кылышпай эле оңой алып коюп атышат наамды.
Асанкалый Керимбаев "Сулууга" Сөзү : А.Осмоновдуку Обону : А.Керимбевдики Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтпө, мени эстеп, сагынба. Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында. Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба, Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда. Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен Отуз жаштын улам аркы жагында. Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн, Унутулган учар замат түнөктөн. Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн. Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен, Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен. Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
Улуу СССРге данк!Улуу ырчы Асанкалый Керимбаевке данк!СССР убагында Кыргыздардын маданияты орлоп оскон.Анын далили катары, Асанкалый,Рыспай,Чынгыз ж.б коп чыгаан талантарыбыз эсептелет!
асанкалый ким?кыскача бир соз менен жеткире айтканга аракет кылсак.асанкалый.чынгыз.рыспайды айтпай.кыргыз элин элестетуу кыйын.башымды ийип таазим кылам