Атакем менин Ата, мен үчүн, Өмүр демисиң, Жан дүйнөңдү тосуп ызгаарга, Эркин учамын, Тоодой кучагың, Бактылуумун ата сиз барда. Кайырма: Ай, Күнүм дедиң, Атакем менин, Аскадай бийик дүйнөмсүз атаке. Ааламым дедиң, Атакем менин, Кызым деп дайым сүйгөнсүз атаке. От болуп күйүп, Ордуңуз бийик, Кадырыңды даңктаймын ата, Эч кылбай капа, Кетирбей ката, Үмүтүңдү актаймын ата!
Ушул артисттердин баарынын эле аталары камкор окшойт ээ.. Мактап эле ырдашат бири биринен отуп. А бирок жашоодо мындай мактоого татыктуу эместер толтура... Мисалы мен 29 га келдим, атам эч жанымда болгон эмес, кызым деп эркелеткен эмес. Жашоонор кандай болуп атат деп, жардам да бербеген. Турмушка чыкканда да келген эмес...
Ооба бардык эркектер окшош эмес,ар кандай аталар бар жашоодо.Мен коруп салыштырам озумдун атамды ,жолдошумду,куйоо балдарды,аяш эркектерди,ишенесизби баары ар кандай ,бири бирине эч окшошпойт ,ишенип койгула.Бири мээримдуу,камкор,бири мерез,бири куйумдуу ,бири зоокур,бири кызгаанчак,бири кызыл камчы дегендей.Ошон учун сиздин атаныз начар киши болсо,андай эмес жакшы аталар да бар .