СССРдин соңку президенти Михаил Горбачёв 92 жашында дүйнө салды. Балтика өлкөлөрүнүн өз алдынчалыгына, экинчи Дүйнөлүк согушта экиге бөлунүп калган Германиянын биригүүсүнө, андан да маанилүүсү жарыша куралданууга себеп болгон “Кансыз согуштун” токтошуна жана өтө кооптуу делген өзөктүк куралдарды чектөөгө салымы бар делген М. Горбачёв кезинде Кыргызстанга дагы келип кеткен. Горбачёвду батышта каарман, баатыр катары сыйлашса, союзга мүчө мамлекеттерде аны кубатту державаны ыдыратты, СССРди кыйратып кетти деп сын көз менен карагандар аз эмес.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/ky...
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz
20 сен 2024