😢😮 Эң туура сөз : "Элчи менен ырчыга өлүм жок". Бул тарых менен жашоодо келе жаткан мааниси өтө терең таамай учкул сөз. Кудай берген өнөр экен, өмүрүн берсин.
Садаган кетейин. Атай, Ыбрай , Карамолдо ,Токтогул олбоптур . Онорун оркундой берсин . Бар бол. Талантын ташкындап, эл ичинде аман бол садага. Элмирбектен кийинки чыккан кучтуу ырчы . Азаматсын
Мен бул төгөрөгү төп келе нукура тубаса таланттуу баланы мурда билбептирмин. Бул катылып жаткан бермет-каухар бала экен. Залкарлардын күүлөрүн черткени, ырдаганы, харизмасы, образы, күүлөрдүн тарыхын билгени деги эле койчу керемет аткаруусу менен мени арбап алды. Мындай чыгармачыл инсанды баалаш керек. Эмне үчүн эле кармап, камап жатышат, түшүнбөйм.
Комузду да таза чертет экен уну да Шедевр Эски маданиятты элестеттим Кыргыз жыттанат Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар дейт КелечектеМаданият министри бол сендей балдар Кыргызстанды которгонго жардамынар тийсин оомийин
Бул талант кылымдарда Бир келуучу талант кыргызымдын тарыхындагы издерди эскертуучу талант комуз куулорун залкарлардай ойнойт экен азыркылардын легендасы бул жигитти жараткан кыргызымдын онору учун кайра жараткандай сезилди
КУДАЙДЫН. БЕРГЕН ТАЛАНТТУУ ЖИГИТИ. ОЗУНЧО ЭЛЕ. КЫРГЫЗ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ ТУРБАЙБЫ Элмирбек Иманалиев менен бир катарда эле,андан ашса ашат кем калбаса керек. ОНОРУН ОРКУНДОЙ БЕРСИН, ИЙГИЛИКТЕР КОШТОП ЖУРСУН. ДЕН СООЛУГУН ЧЫН БОЛСУН, ОМУРУН УЗУН БОЛСУН
Аскаттай нукура, кыргыз ата - бабаларыбыздын күүлөрү , ырлары , жыттанган жигиттерибиздин бар экени кубандырды, Жанагы козу карындай окшош, жадатма ырчыларды кундо беш маал бергенден көрө ушундай ырларды он маалдан берсеңер эл тажабай угат, жаш муундардын кулагына дагы сиңет эле, бул баланы мурда таанычы эмес экенмин.Ушунчалык таланттуу бала эмнеге сөгүнгөнго барды экен.Сага 300000 эмес, миллион берсе дагы аздык кылат го. Өнөрлүү таланттарыбызды колдоп - коштоп, кадырлап алалы.жасалма жок, таза илгерки акындарыбызды уккандай болдум, бар бол, аман бол, таланттың ташкындай берсин.
Аскат балам, талантына таазим. Ар бир кууну, ар бир ырды, ар бир созду, журогун аркылуу чыгарат экенсин. Уучубуз кур эмес экен. Кыргыздын сыймыгына жаралган бала экенсин, уулум. Омурлуу бол.
Кудай таалам сага талантты бериптир эми ушул берген талантты таптап өркүндөтө бер. Эсиң болсо саясатка аралашпа сындырып коёт, өз тагдырыңа балта чаап аласың. Элиңдин сүйкүмдүү таланттуу баласы болуп жүрө бер.
Бул эмне болгон Жетиген деп эле карай калгам.Корсо бекер бала эмес экен.комузда.кол ойноткону конур.уну нукура кыргыз таланты бар бала турбайбы.Бар бол.онорун оркундой берсин.
Кыргыздар бул жигит сыяктуу озгочо онорлуу балдарды чымыны бар деп коюшат. Аскат чыны эле чымыны бар бала турбайбы. Бир интервьюсунан толук музыкалык билим албаган деп тушундум. Куулорду черткенде да, ырдаганда аткаруучулук чеберчилиги абдан жогору экен. Мындай таланттуулардын душмандары да коп болот. Аздектеп, котормолоп алганга коодону тар маданият чиновниктеринен бироо чыкпаптыр.
Тупатура кыргызымдын талантуу балдары толтура бирок кобуу таныш аркуулу болуп жатпайбы танышы менен баргандар олкону маданияты иритип чиритип келиштиго мунукуу накта тазаа болуп атпайбы аа ким жактырат эс тутумуу куйма кулагы шакшы экенго тубаса талант экенго
Арыбаңыз. Бүгүн кечке чейин Аскат мырзанын чыгармачылыгын көрүп күнүм өттү. Абдан эрденип,шерденип алдым. Рахмат сизге Аскат мырза. Бар болуңуз. Талантынызга таазим
Бу бала ото эле талантуу,чет мамлекете биздин кыргыздын этнофолк маданиятын, ыр-куулорун альбом чыгарган,жана чёт мамлекете Асхатын чыгармасылыгын аябай балашат.
Эй акмак бокту оозанбай эле сүйлөсөң, Нурланды теңештирип не кыласың ал да таланттуу жигит.Аскат да таланттуу жигит.жарыкчылыкка чыгып келатканыңда энеңдикинен чоңу чыгып кетип тоё жеп алган экенсиң да келесоо
Аскат мекендешим ,кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон инсан экенсин. Элмирбектен кийин эч ким чыккан эмес ,сени эми таанып ,угуп жатабыз кыргыз эли,Бар бол айланайын ,ден соолук берсин кудайым.Талантын ташкындап ,онорун оргуштап турган чагын экен,тилин курч ,дилин таза ,кайратын кучтуу болсун.Жараткан сени колдосун.
Охх керемет күүлөр!Токтогул атабыз кандай гана таланттуу болгон экен,ал мезгилде ручка,барак эч нерсе жок,мээсине сактап чыгарган экен.Гигабайты күчтүү болгон экен.
Аскат балам концертинди толук кордум. Коп кырдуу талант бериптир Кудайым. Обон,куу, коп аспаптарды чертип ырдайт экенсин. Онорун оркундоп ташкындай берсин. Кочкорлук бала болсон керек,Ормонхан жонундо ыр чыгарып ырдаптырсын. Мен да Кочкорлук болом. Ушундай залкар бала бар экен деп аябай Сыймыктандым. Созун да сонун, буйурса Токтогулдай, Рыспайдай тарыхта калчу залкар инсан болосун. Аман бол алтыным, коз тийбесин.👍👏🥰🥰🔥
Мурда кайда жургон кудайа тооба .Жердеш болсом да мындай Атай Мусага окшогон баланы биринчи корушум.Озгочо эски ырларды баянын айтып анан ийине жеткире аткарганы абдан жакты
Кандай керемет, кыргызымда жаны муун, озгочо духу менен журок эргитке н, комузда кол ойноткон, созу ордунда кээ бир мен (жашым улуу) кесипкоймун дегендерге улгу! Баракелде, онорун орго чапсын! Эч кимди кошпой, жалан жандуу ун менен ырдоо, инструментте кол ойнотуу. Аман журчу, бобогум. Концертти кеч корсом да журок эргиди. Мекенден алыс жургондо Аскаттай инимдин бары бизге жанга жан азык.
Аскат Жетигенов жаш композитор ырчы аткаруучу Кыргыз Элибизге берилген чыныгы залкар жигит экен. Комузду гитараны жана башка музыкалык аспаптарда эн жакшы чертип ырдап обон куулорду озу чыгарып кол ойнотот экен. Ушундай таланттарды баалашыбыз керек созсуз.
Садыр Нургожоевич,Камч ыбек Ташиев мырзалар! Тилинен жаңылса жаштык кылган чыгаар, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк бол бойт эмеспи. Бул кыргыз элинин бешен есине бүткөн элдик талант ты элдин атынан сураныч кечирип койгулачы. Элинен,Эл башылардан Мекенинен.тунулуп калба- сын балакайым
Аскат азамат жигит экенсин коп кырлуу талат экенсин чыгырмачылык ийгилик каалайм..Бул арам сабатсыз бийлик өздөрү сөөгүнө турган акыбалга жеткирип жатат акмак зөөкүр фашистик бийлик
Манас атабыс чон жинди болсо бул бала онор адамынын чон жиндиси экен оноруно ба бердим балам сайасаты токтот онорун менен окат кыл женил экенсин токто бол мактаган сайын жапыс бол мактоону котор аман бол
Садыр нуркожоевич суранабыс бул бала жаш экен согунсо бир жолу кечирип койолу согунбогон киши жок ден соолугун албаныс кыргыста мындай балдар аз торолот онору кучту бала экен кыргысты кыргыс кылып журо берсин
Мен Аскатты патирийот жигит дерп журсом отоо таланттуу экен .. Аскатка мин таазим мындай талантынды ак кулактар баалабайт. Сени карапайым эл баалайт исыйлайт
Айланайын Садыр Камчы жаштарды камоо менен эмес башка жол менен суйлошуп тарбиялагыла акын менен элчиге олум жок кечиримдуу болгула.Бир убакта бизде сени Атамбаев камаганда бизде какшап каргап ыйлап жургонбуз. Ушундай коп кырдуу талантуу балдарды аягыла сураныч.
Мындай форматтагы концертти Аскат Жетиген биринчи жолу баштап берди окшойт бизге кыргыздарга. Ырчылар концеттик залдарга, коп элдин алдында гана концерт коюшат эле го.
бул талантыбызды баалап журушубуз керек, сөзсүз эле эки досту ашатып сөгүш керек беле, силер муну таанышыңар үчүн 😂 алдыда, маданиятта дагы көп из калтыра турчу кыргыздын жигити.
Мындай Жогорку денгээлдеги онорун менен элге онорчулук кызмат менен чогуу анын ырахатына батып журо Бер. Мындай онорун болсо саясаттын денгээлине тушкондун эч кандай кажети жок!
Ютубду барактап атып ушул концертти көрүп калдым, кыргыздын таланттары көп, бар бол иним, коллегам! Кудай колдосун, жакындарың колдосун! Мына ушул бакыт. Арткы фон айылдагы суук мезгил экенин билдирип турат. Ошол суук түндү жылытып турган таланттуу иниме чоң бийиктиктерди тилейм.
Азаматсын Асхат таланттуу жигит экенсиң, талантын ташкындай берсин, кыргыздын дагы бир жылдызы экенсиң буга чейин сенин ырларыңды уккан эмес экем, капысынан угуп калып сенин ырларың мазмундуу уккулуктуу экен
Малик Аликеевке окшош экен. Көзүнүн төбөсү менен көп карайт экен. Таланты чогулуп келип ташып турган кези экен. Азамат. АкЖоламан балбандардын роликтеринен Кыргызым аттуу чыгармасынын учугу аркылуу ушул концертти таптым.