Президент Садыр Жапаров 30-июнда Асман шаарынын курулушуна капсула салган. Бул жаңылык өлкөдөгү болуп көрбөгөндөй жетишкендик катары сыпатталып, катуу пиар жүрдү.
Бирок торпоктун чуркаганы саманканага чейин дегендей, айтып оозду жыйганча, ачып көздү жумганча болуп, баягы дүңүлдөтүп жаткан пиардын жыты калбады. Асман шаарына капсула салынгандын эртеси, ал жерде бир жан киши калган жок. Баягы каз-катар тизилген техникалар эки күнгө ижарага алынып келингендиктен, капсула салуу аземинин эртеси ээлери алып кетишиптир. Ошол эле жүдөгөн каска, форма кийген индус, пак жумушчуларынын дагы карааны көрүнбөйт. Сыягы, аларды дагы эки күнгө жалдап келишсе керек...
Кыскасы, Асман шаарынын ыры ырдалбай жатып аягына чыкканы калды окшойт. Кудум, Камбар-Ата-1 ГЭСин курабыз деп, эл көзүнө бир коктунун оозун "даңк" эттирип жардырып, ошол бойдон унутулган пиарды эске салды.
Айткандай, бийликтин фейк-троллдору Асман шаары курула турган ээн калган жер боюнча да, актанып, карганып бүтө албай жатышат.
Тапкан шылтоолору бул: "Асман шаары күзүндө башталат. Жайкы эс алуу учурунда туристерге тоскоолдук болбоо үчүн сентябрга чейин токтотулган", - деп өздөрүн-өздөрү сооротушуп, элди дагы эле маалыматтык манипуляция менен сугаруу аракетин көрүп жатышат.
Бирок, булардын элдин көзүн боёгон жалган пиарынан майнап чыкпасын туюндурган Жараткандын белгисиби, айтор, президент Садыр Жапаров койгон капсуладагы жазууда "Асман шаары 2123-жылы ачылсын" деп жазылып турат.
Канчалык жаңылыштык болгон күндө дагы, бул ишке ашпай турган утопиялык долбоордун аягына чыкпай турганын билдирген сыр десек жарашат. Дээрлик жүз жыл. Сыягы, кылымдын курулушу болот тура. Ага чейин ким бар да, ким жок...
Аттиң, Садыр Жапаров дагы кеткен президенттердей болуп алданбаса экен тилек.
/ nazarnews_org
nazarnews.org/
/ nn.nazarnews
vt.tiktok.com/ZS8CsFaGw/
#Nazarnews, #Nazar, #News, #Назар, #Назарньюс, #CCTV, #ССТВ, #china, #китай, #кытай, #КНР, #КН,
#KNR, #СадырЖапаров, #НарынАйып, #ЖК, #ЖогоркуКенеш, #Кыргыстан, #Бишкек,
#Ош, #Баткен, #Нарын, #ЖалалАбад, #Ысыккөл, #Талас, #Жаңылыктар, #Новости #жаңылыктар2023сегодня,
#жаңылыктар #Кыргызстан, #жанылыктаракыркы, #саясат,
#новостибишкек2023, #ташиев #рахмон #политика
2 июл 2023