Атакем менин сиздей мээримдуу, акылдуу, жер тубундо жылан кыймылдаса сезген, балдарына татыктуу тарбия берген ата бир бизде бар деп сыймыктанчуум атам жаткан жерин жайлуу болуп кабырыныз нурга толсун сиз жок болсонузда ар бир демибизде суйунчубузго суйунуп дайым жаныбызда жургонунузду сезебиз
Авамын жаткан жери жайлуу болсун!!! Калган омурун Аллахым бала чакасына берген болсун.Жакындарына Сабр тилейм.Аталарыбыз бар болсун.Жузго чыксын.Аминь аминь аминь!!!
Атама" Бою шыңга ою нуска кар эле, Жомок сөзгө жорголугу бар эле. Ооруп жатып акыретке жол алдың, Атың минип, кырды ашкан да жаңы эле. Алыстагы уулумдан кат барбылап, Амандыгым тилеп турчу ар убак. Атакемден айрылганга үй эмес, Айыл дагы калгансыды аңгырап. Айыл десе атам мага элестеп, Алдастачуум бүгүн эртең барам деп. Ата деген акылга бек садагам, Атасы бар деген канча каниет. Эми мына зор жетилдим сезилди, Эч убакта ата дебейм эч кимди. Айылымдын аксакалын көргөндө, Жүрөк толкуйт көргөн өңдүү өзүңдү. Кайгы мага катуу тийип камчыдай, Жан кейитип жашым акты тамчыдай. Карай бердим атам калган сеңирди, Атын минип азыр түшө калчудай. Асанкалый Керимбаев